Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

АКШга Тажикстандын мекеме, аткаминерлерине каршы санкция жарыялоо сунушу берилди


Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаары.
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаары.

АКШнын Эл аралык дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) жарыялаган кезектеги жылдык баяндамасында Тажикстандагы мыйзам бузууларды белгилеп, Кошмо Штаттардын өкмөтүнө бул өлкөнүн мамлекеттик органдарына жана кызмат адамдарына «дин тутуу эркиндигинин олуттуу бузулушу» үчүн санкция жарыялоону сунуштады.

USCIRF баяндамасында дин тутуу эркиндиги жаатындагы АКШнын эл аралык саясаты баяндалып, баа берилет.

Быйылкы баяндамада Тажикстанда бийликти сындагандар, оппозиционерлер “экстремизм” деген шылтоо менен куугунтукталып жатканы, аскерге чакыруу планы аткарылбаганы үчүн мечиттер жабылган окуялар бар экени, Тоолуу Бадакшан автоном облусунда “Ага Хан фонду” менен байланышы бар айрым объектилердин ишмердүүлүгү чектелип жатканы, “Жахаба күбөлөрүнө” тыюу салынганы белгиленди.

Комиссия тажик бийлиги буга чейин берилген сунуштамаларга карабастан дин эркиндигин камсыздоо боюнча абалды 2023-жылы да жакшырта албаганын, ошондуктан АКШ өкмөтүнө тийиштүү мекемелерге жана кызмат адамдарына санкция жарыялоо, алардын активдерин камоо жана Кошмо Штаттардын аймагына кирүүсүн тыюу сунушу берилгенин маалымдады. Ушундай эле сунуш былтыркы баяндамада да берилген.

USCIRF АКШнын мамлекеттик департаментин Тажикстанды жана дагы 16 өлкөнү (Ооганстан, Азербайжан, Бирма, Кытай, Куба, Эритрея, Индия, Иран, Никарагуа, Нигерия, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан жана Вьетнам) жарандардын дин тутуу жана ишеним эркиндигине байланыштуу олутуу мыйзам бузууларга барып же ошондойго жол берип жаткан өлкөлөр деп атап, аларды “өзгөчө кооптонуу жаратуучу” өлкөлөрдүн “кызыл” тизмесине кошууга үндөдү.

Тажикстандын бийлиги бул баяндамага байланыштуу азырынча комментарий бере элек, бирок өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети быйыл январь айында “Озоди» радиосуна өлкөдө дин тутуу экиндиги боюнча абалды жакшы деп эсептей турганын билдирген.

Уюмдун соңку баяндамасында алгачкы жолу Борбор Азия аймагындагы бардык беш өлкө, анын ичинде Кыргызстан да камтылды. Кыргызстанды Казакстан жана Өзбекстан менен катар “өзгөчө байкоодогу” өлкөлөр тизмесине кошуу сунушталды. Мындан тышкары бул тизмеге Алжир, Египет, Индонезия, Ирак, Малайзия, Шри-Ланка, Сирия жана Түркия өлкөлөрү да сунушталды.

USCIRF белгилегендей, 2023-жылы Кыргызстандын бийлиги «динди тескөө мыйзамдарындагы мурдатан бери келе жаткан чектөөлөрдү көбүрөөк колдонду”. (RK)

XS
SM
MD
LG