Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Eurovision: Швейцариялык Nemo жеңүүчү болду


Eurovision-2024 эл аралык ыр сынагында Швейцариядан ат салышкан ырчы Nemo жеңүүчү болду.

Ал The Code ырын опера, электро жана поп жанрын аралаштырып аткарды. Адамдын жеке изденүүсү, өзүн-өзү аңдап билүү эркиндиги жөнүндөгу чыгарманы Nemo сахнанын ортосунда айланып турган спутниктин үстүндө ырдады.

Заманбап музыка мелдешинин финалы 11-майдын кечинде Швециянын Мальмо шаарында жыйынтыкталды.

Экинчи орунга Хорватиянын, үчүнчүгө Украинанын ырчысы татыктуу болушту.

Музыкалык таймаш бул жылы Газадагы кырдаалдан улам коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Мелдешти Газадагы калабаны токтотууга жана израилдик ырчыны сынактан четтетүүгө чакырган акциялар коштоду.

Январда швециялык бир катар маданият ишмерлери Газа тилкесиндеги кырдаалдан улам Израилди Орусия сыяктуу эле сынакка катышуудан четтетүү талабы менен петицияга кол коюшкан. Март айында Eurovision-2024 сынагынын 37 катышуучусу Палестина автономиясында ок атышууну токтотууга чакырышкан.

Европа телерадиоберүү биримдиги атайын билдирүү жасап, Израил эмне үчүн сынактан чыгарылбаганын түшүндүргөн. Расмий маалыматта бул жагдай "атаандаштыктын саясий эмес мүнөзүнө" байланыштуу экени айтылган.

Израилден катышкан Эдан Голан бешинчи орунду ээледи. Ал конкурстун башында журналисттерге музыка элди бириктирет деп үмүт артып турганын билдирген.

Ал эми сахна артындагы чырдан улам нидерланддык Йост Клейн конкурс талаптарына туура келбеген "жосунсуз жоругу" үчүн финалга бир күн калганда ыр таймаштан четтетилгени кабарланды. Ырчы Европа телерадиоберүү биримдигинин мындай чечиминен "нес болгонун" билдирип, аша чапкан чара катары мүнөздөдү.

Швейцария буга чейин Eurovision сынагын эки жолу - 1956, 1988-жылдары уткан.

Ыр мелдешинин шартына ылайык, ырчылар жандуу үн менен оригиналдуу чыгарма тартуулашы керек жана ырдын узактыгы үч мүнөттөн ашпоого тийиш. Сахнада ырчыны коштогон бийчи же вокалисттер алтыдан көп болбошу кажет.

Жеңүүчү калыстар тобунун жана элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында чогулган упайлар менен аныкталат.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келет. Ким утса, кийинки сынак ошол ырчынын мекенинде өтөт.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эки жыл мурда жарыштан четтетилген. (SE)

XS
SM
MD
LG