Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

"Eurovision -2018": Израил жеңди


Нетта сынакта ырдап жаткан учуру.
Нетта сынакта ырдап жаткан учуру.

12-майда Португалияда өткөн "Eurovision -2018" ыр сынагынын финалдык таймашында ийгилик Израил мамлекетине ооду. Баш байге "Хрусталь микрофонго" ырчы Нетта ээ болду. Ал "Toy" ("Оюнчук") деп аталган феминисттик ыры менен катышты.

Алдыңкы беш орунга Израилден тышкары Кипр, Австрия, Германия жана Италия кирди.

Таймашка башында 43 мамлекеттин ырчылары аттанган. 8-майда жана 10-майда жарым финалдар өтүп, мыктылар иргелип, финалга жолдомо алышкан. Жеңүүчүлөр көрөрмандардын онлайн-добушу жана калыстардын баасы менен тандалды.

Быйылкы сынактын урааны - "All aboard", кыргызча "Кемеге бирге түшөлү" деген маанини берет. Ыр-таймаш деңиз жээгиндеги "Алтис-Арена" комплексинде болду.

"Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан. Эрежеге ылайык, кайсы ырчы утса, кийинки сынак ошонун мекенинде уюштурулат.

"Eurovision" шоу таймашынын тарыхында бул Израилдин төртүнчү жеңиши. 1978, 1979 жана 1998-жылдары ушул өлкөнүн ырчылары уткан. (SE)

XS
SM
MD
LG