Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Карызды кайтыш болгуча кайтар...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарктуу эки карынын кардарынан сатарманы көп кымкуут базарда жолугуп, бири экинчисинин ажатын ачышы акыйкатта да зор окуя. Ал өзү турмушта болгонун тунук акын Айгүл Узакова авторго айтып берген. Башында анча маани бербептир, ойлоп көрсө сабак алчу таасири көп экен. 

Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Карыз жүгү" аңгемесин сунуштайбыз.

Кымбат ирик

Аңгеменин сюжеттик канвасы, кыргызча жалпак тилге салып түшүндүргөндөгү негизи, карыз берген менен карыз алган эки карынын мамилесине негизделген.

Карыялардын бири небересинин бешик тоюна келишкен ирик алып келгени сегиз миң сом акчасын белине түйүп алып базарга барган. Кымбат заманда баа тез эле өзгөрүлүп кетерин эмнегедир көңүлүнө түйбөптүр, өтө кымбаты жети жарым миң деп ойлогон. Базардын эң алды деген чоң ирикти жетелеп турган кызыл кулак эки жүз сом түшкөнгө макул болбой айланы кетирбедиби. “Бүгүн албаса, эмки базарда баса калып алышат”, - деп деле сөз уккусу жок.

“Баягы эле сөзү: “Эмики базарда…” Ичимден кан өтүп кетти. Кичине аярлай тур, мен азыр… деп жалынып кирдим. Анан базардын чок ортосуна чуркап келдим да, каккан казыктай эле катып калдым. Эмнеге келдим эле деп коём. Аңгыча кире бериштен бирөө кол булгалагандай болду. Эңги-деңги жетип бардым. Карыя экен. Жүзүн деле караганым жок, карасам да көрө алганым жок дегеним да. Көз тунарып турса. Ал эмне дегендей ээк каккандай болду. Мен ошондо эсиме келе калып, жөн-жайымды кобурай баштадым. Карыя чөнтөгүнөн бирдеме алып чыккандай болду, сыягы, капчык окшойт. Андан бирдеме сууруп алды да, мага сунду. Шып эле илип алып, баягыны көздөй жүгүрдүм. Орто жолдон кайра бурулуп, карыяга жете бергенде:

-Дөң-Алыш… Калмырза… – деп койду ал.

Мен шыдыр эле түшүндүм, дөң-алыштык Калмырза деген киши тура дедим да, кайра баягыга жеттим. Акча ошондо эсиме келип, алаканымды ачтым. Бирөө тартып алчудай болуп бырыштыра кармаган экенмин. Эки жүздүктөн экөө экен. Өзүмдүкүн коштум да, колуна карматтым. Чынын айтканда, той жакшы өттү, байбиче… – Ойлуу үндөбөй калды. – Элди узатып койгондон кийин эле, – деди селт эте. -Жүрөгүмдү бир нерсе таарып кеткендей болду. Карыз алганым, анан баягы карыя эсиме шак дей түшкөн, көрсө… Карыз жөнүндө эч кимге ооз ачкан эмесмин да. “Карыздап алып келген экенсиң да!..” – деп айтабы деп чочулабадым деле. Айтып эле көрүшсүнчү!..”

Катуу ойлонгон экен, эл кеткенден кийин жыгылбадыбы. Өзү айткандай, ары барып эле кайра келди окшойт. Жарык дүйнөдө экенин ойлогондо көкүрөгүндө үч нерсе гана уюп турду: базарда карайлап ары-бери чуркаганы, карыз акча берген карыя, анан карызы… Көзү чачырап турганда ажат ачкан карыя муну ажалдын оозунан көз көрүнөө сууруп алды. Бирок оору дегениң да аёо билбес мерес нерсе, карызын эстеп, берейин деп, бирок каруусуна келе албай жатып жарым жыл өткөрүп жибериптир. Азыноолок өзүнө келгенде акчасын алып жолго чыкты.

Ашыгып жатып дөңалыштык Калмырза аксакалды сураса айылдагылардын аны элейип карап калышканын деле элес албаптыр. Айтылган үйдүн алдына келсе бир келин эшик шыпырып жүрүптүр. Бейтааныш адамды ал да элейе карап үйүнө кирип кетти:

“Үйдөн жанагы жигит, – мени узатып келди го, ошол, – экөө ээрчишип чыгышты. Ошондо эле жүрөгүм бир булкуп алды, көңүлүм айный түштү. Бирок сыр бербедим. “Атамды ээсине бергенбиз, жарым жылдан ашып калды…” Жигит ушинтти да, үйгө кириңиз дегендей ишарат кылды. Сураган кишилердин баары эле үрпөйө карашканы ошондо эсиме түштү. Жетимишке келсем да, мага эс деле кирбептир да. Болбосо, бирөө-жарымынан сурап деле койбоймунбу, эмне эле үрпөйөсүңөр деп. Билип алганымда, өкүрүп түшпөйт белем!.. – Муштумун түйө, тизесин муштагылай кетти. – Мени кудай алганда!.. Куран окутуп, кирип-чыккандардын аягы үзүлө элек көрүнөт, дасторкон жайылып, чайы даяр экен. Бата тилеп, куран окудум. Экөө мени таңдана эле карашат.

Сурагандан ийменишти окшойт. Куран окугандан кийин мен жөн-жайымды айттым. “Карыя менен бир ооз да сүйлөшө албай калдым…” – дедим каңырыгым түтөй. “Атам көп сүйлөчү эмес. Кийинчерээк эрмеги эле базар болуп калган. Жүргөн-турганы тың эле, анан эмне болуп кетти-билбейм… Эми карылык да… Акылы тунук бойдон кетти. Сексен тогузда деп жерге бердик… Айтпадымбы, ата, көп деле чечилип сүйлөшчү эмес. Кээде эле тиги келини менен сырдашып калганы болбосо…” Жылмая келинчегине карап калды. Анын көзү жашылдана түшүп, бир эчкирип алды. Ушуну эле күтүп жаткансып, жанатан бери батына албай турган жаным: “Карыяга карыз элем”,-деп камдап барган акчамды сунуп калдым.

Уулу туйлап албайт, карызын кечип койгом деп. Болбой эле, куран окутуп кой, айланайын, атайы менин атымдан, бул карыз эмес… деп жатып араң алдырттым. Анан жүрөгүм элеп-желеп болуп эле, ошол карыянын бейитине куран окушум керек деген ой пайда боло калды. Мен өзүмө-өзүм ээ боло албай калдым. Жигитке айтсам, “ата, ушунуңузга эле ыракмат, биз ыраазыбыз. Бейитине жете албайсыз го, кыйналып каласыз”, – дейт. Мен да так секирдим, болбойт дедим, көксөм суубайт дедим, кайсы жерде экенин айтып эле кой, мен жетем дедим, өлсөм да жетем дедим”.

Канча убактан бери көңүлүн өйүгөн карызынан биротоло кутулуш үчүн карыя машине жолдон итапкан алыс тоо боорундагы мүрзөгө учуп-күйүп жетти. Айласы куруп турганда ажат ачкан берешен адамдын арбагына багыштап куран окуду. Жыбыраган жаңы мүрзөлөрдүн катарынан Калмурза аксакалдын жайын сайылган таяк аркылуу кыйналбай тапты. Тирүүсүндө башкаларга жакшылыкты көп кылган март адам түбөлүк жайында, болуп-толуп турган табият койнунда тынч уйкуда жаткан экен.

Ашыккан кыз

Ушунча кенен жерден автобустун мүрзөлөрдүн тушуна келип токтошун жүргүнчүлөрдүн көбү жактырышпады окшойт. Баарынан да тойго барууга ээленип алган кыздын жини келип, сиркеси суу көтөрбөй турду.

“Май айы аяктап бараткан. Жер көпкөк. Асман да. Кооздук, сулуулук айы. Эл эки жагын карай башташты. Бейиттер тоо боорунан жарымынан өйдө, тоого чыга бериште, башталыптыр. Бирок ал бүтүндөй тоо боорун ээлеп алгандай көрүнөт экен. Ошондуктанбы, көзгө биринчи эле бейиттер чалдыгат. Эл аларды бир карап алышты да, анан эки жагын элеңдей карай башташты. Көпкөк. Эл топ-топ болуп бөлүнүп туруп калышты. Байбиче менен кыз өзүнчө турушту. Байбиче бейиттерди карап, оозун кыбыратты да, эки алаканын жая жүзүнө тарта кетти. Кыз да аны туурады.

−Элден айланса болот, – деди байбиче кызга карап, ыраазы болгондой. – Карачы бейиттерди, тоо боорунда. Көзгө шыдыр эле чалдыгат. Бир карап, бата кыла өтсүн дегени да. Эл… – Негедир үшкүрүнө кетти.
−Мындан бөлөк жер жок беле?.. Тоо…
−Бейиттер аяк баспаган жерде болгону эле жакшы, кызым.
−Баары бир да! Бутуң басабы-баспайбы, өлүктөр жатат да. Алар эчтекени…
−Ок! – Байбиче так секирип кетти. – Андай дебе! Өлүктөр эмес, арбактар!..
−Арбактар!..
Кыздын кыжынганы байбичеге катуу тийди:
−Сен мүрзөдөн башканы көрбөйсүңбү, кызым?!
−Эмнени көрмөк элем!..”

Пенделик карызынан кутулганга ыраазы болуп карыя жай башында эки жолу куран окугандан кийин артына кайтты. Жакын көрүнгөн менен жолдон бейитке чейин кыйла эле жол экен. Демиккен кары автобуска келгиче шашып жаткан сулуу кыз “ушу кейпи менен” тойго кантип барышын жанындагы байбичеге түшүндүрө албай жатты. Байкуш кыз “желмогуздай болуп кирип барса” эл эмне дейт?! Чачынын кейпи бул, тырмактарын кара. Аны келишкен кыз кейпине келтире турган салонго “саат үчкө жазылып” койгон, обужок чалды күтүп ара жолдо турат, бийкечтин чый-пыйы чыгып ачуусун кимден чыгарышты билбей турса, жанындагы кемпирдин айтып турганы бул.

“−Саа тиги да жакпаса, бу да жакпаса, деги эмне жагат саа, кызым?
Кыз эмне дээрин билбей, муунуп калды.

Булардын кагылышуусун жанатан бери байкап турганбы, ушул маалда жүзүнөн баары төгүлүп тургансыган, күлмүңдөгөн бир сары чийкил жигит жетип келди да:

−Туура айтасыз, апа! -деди шаңдуу. – Чын эле, буларга эмне жагат? Жанагы менин чычкандай болгон кызым да айламды алты кетирип бүттү. Баарын алдына жайнатып жайып койсом да, дагы бир нерсеси кемип калгансып, жуткунат да турат!..

– Айласы кеткендей, колдорун эки жакка жая кетти.

−Эми теңирим ургаачыны ошондой жаратып койгон тура… – Байбиче кимдир бирөөнү актап, дагы бирөөнү жактыра бербегендей, кобуранып алды.

Жигит муну күтпөгөнбү, мостоюп туруп калды да, өзүнчө күбүрөнө өз тобуна басып кетти”.

Чыйпылыктаган жүргүнчүлөрдүн урушу дагы созулуп кетер беле, тургандардын бирөө “келатат” дегенден көп өтпөй демиккен абышка келип автобус ордунан козголду. Чекесинен чыккан терин арчый ал жанындагы байбичеге карап: “байбиче, эми арманым калган жок десем болот” деп бир азга ой басып отуруп калды.

Жана автобуска түшкөндө унчукпай келаткан абышкага тил бүтүп жанындагы байбичеге бир жыл мурдагы окуяны айтып кирди. Айтуусунда небересинин тоюна деп “бир жараган ирикти” сатып келүүгө базарга барып, ал жерден бир ирикти алмай болуп баасын сураса сегиз миң эки жүз деп, андан бир тыйын да түшпөй, жетпеген акча деп базарда тааныш издегенин, көзү чачырап турганда дөңалыштык Калмырза жетпеген акчаны бергенин, бул кымбаттаган заманда адамдар бири-бирине ишенбей, карыз бербей калганын, азыр ошол берешен адамдын түбөлүк жайына барып, куран окуп кайтканын айтты. Антип карыздап өткөргөн тойуна келгендер тарап кеткенден кийин жүрөгүн бир нерсе каарып өткөндөй төшөккө жатып калганын, карыз алганын эч кимге айтпаганын, антишке дити барбаганын жашырбады.

Бир ай дегенде төшөктөн туруп дөңалыштык Калмырзага баргысы келгенин, жеген тамагы алкымынан өтпөй азап чеккенин, эми минтип жарым жылдан кийин келсе эңсеген адамы өтүп кетиптир. Аны уккандан кийин маркумдун мүрзөсүнө барбаса арманы деле бөксөрбөчүдөй туруп алганын кобурады.

“Учуп эле жүрүп отурдум окшойт. Быяктан билинбейт экен, тоонун үстүнө чыкканда тим эле жайнайт. Бейиттерди айтам. Дал болуп эле туруп калдым. Анан баласынын айтканы эсиме түштү, “таяк сайып койгонбуз.” Өрдү көздөй жөнөдүм. Чын экен, көп өтпөй таякты көрдүм соройгон. Жеттим да, топурагын жыттап, куран окудум. Жалпы арбактарга деп да окудум окшойт. Уулу туура айтыптыр, жаңы бейиттер… Эми эле жерден өнүп чыга калгансып, топо эле жыттанат, айланайын байбиче…

−Ошону айтпайсыңбы… – Байбиче өзүнчө күңгүрөндү. – Башың маң: карысы деле кетип жатат, жашы деле кетип жатат. Мурда кичине сакалдуулап алчу эле… Эми… – Үшкүрө кетти.

−Анан силерди эстей койдум, ие кокуй, тиякта мени акыйып күтүп отурушпайбы дедим да, ордумдан шак эле ыргып турдум. Кайра учуп келаткансыдым. Сизге калптыр, маа чын, билесизби, байбиче, мени менен кошо баягы таяк да учуп келаткансыды. Мага дем берип, коштоп келгендей болду. Болбосо… – Башын чайкагылай кыйлага турду да. – Эми, байбиче, өлсөм да арманым жок!.. – Отургучка чалкалай кетти да, дымып калды”.

Абышканын тынчыган көңүлүн улагансып автобус тоонун арасында кыбырагандан кыбырап жай баратты.


  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG