Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

10-майга карата кызамык оорусун жуктургандардын саны 9509 адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун маалыматына караганда, акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган. Ага ылайык, кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү бир жашка толо элек ымыркайлар.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл кызамыктан (корь) эки бала чарчап калды. Экөө тең эки жашка толо элек болгон. Былтыр бул оорудан тогуз бала чарчап калган.

2023-жылы өлкөдө кызамык жуктурган 7 046 киши катталган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG