Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

ЖЭБдеги жарылууда жабыркагандар реабилитациядан өткөрүлөт


ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандар жана министр Алымкадыр Бейшеналиев. Бишкек. 10-май, 2024-жыл
ЖЭБдеги кырсыкта жабыркагандар жана министр Алымкадыр Бейшеналиев. Бишкек. 10-май, 2024-жыл

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияда жабыркаган эки адам мындан ары Курортология институтунда реабилитациядан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптар жаткан "Тез жардам" ооруканасына барып, тиешелүү адистер менен чогуу аварияда жабыркаган эки жаран менен жолугушту. Министр жылуулук борборундагы жарылууда жабыркаган жарандар узак убакыт дарыланып, бир нече операцияны башынан өткөргөнүн белгиледи. Аларды мындан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Курортология институтуна жиберүү чечими кабыл алынганын айтты.

Жарылууда жабыркаган эки адам үч айдан ашуун убакыт Түркиянын Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып, Бишкекке 9-майда кайтып келишкен.

Алардын учурдагы абалы туруктуу экени кабарланып, бирок саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн реабилитациядан өтүп, кийинки операцияларга даярдануу зарылчылыгы бардыгы айтылган.

Тик учак кырсыгында жабыркаган экинчи учкуч Түркиянын Адана шаарындагы клиникада дарылануусун аяктап, 7-майда Кыргызстанга кайтып барганы кабарланды. Жараат алган дагы бир учкуч 25-апрелде мекенге кайтып келген.

17-январда Бишкектеги "Фрунзе-1" авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоону Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген. Аларга Түркияда жашаган кыргызстандыктар жана Анталиядагы Башкы консулдук көмөк көрсөткөнү айтылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG