Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Жапаров ЕАЭБде “кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө мейкиндик” түзүү керектигин айтты


Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында. 8-май, 2024-жыл. Москва, Орусия.
Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында. 8-май, 2024-жыл. Москва, Орусия.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 8-майда Москва шаарында өткөн мааракелик отурумунда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу кенен билдирүү жасады. Анын толук сөзү президенттин сайтына жарыяланды.

Жапаров уюмга кошулган 9-10 жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасы жогорулап, былтыры тарыхый чектен өтүп, дээрлик 1,3 триллион сомду түзгөнүн айтты. Кыргыз мамлекети биримдикте турган маалда мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү 76%га өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга чейин жеткен. Мунун ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө Бишкектин экспорту 3 эсеге, импорту 50%га жогорулаган.

Кыргызстандын лидери эл аралык аренадагы кырдаал татаал бойдон калып жатканын, мындай шартта масштабдуу трансформация зарыл экенин белгиледи. Ал финансылык, логистикалык жана товар өткөрүүчү инфраструктураны түзүү зарыл экенин айтып, Кытай баштаган Азия өлкөлөрү менен сооданы жандантууну сунуштады. Жапаров ЕАЭБ ичиндеги интеграция уланып жатканын, ошол эле маалда дагы бир топ багыттарда ишмердүүлүктөрдү шайкеш келтирип, жаңы механизмдерди иштеп чыгууга чакырды.

“Биримдиктин потенциалын максималдуу пайдалануу жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын белгилегим келет. Биз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүшүбүз керек. Товарлардын жүрүү жолунда жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча аракеттер туруктуу жана тынымсыз мүнөздө болууга тийиш. Муну менен катар, биздин өлкөлөрдүн каржы системаларына сырттан кысым көрсөтүүнүн натыйжасында келип чыккан эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө барган сайын ачыкталып жаткан татаалдыктар – ЕАЭБдин өз ара жана тышкы соодасын өнүктүрүүдө чектөөчү факторлордун бири болууда. Биз соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда ЕАЭБ рыногунун катышуучуларынын керектөөлөрүн камсыз кылып, колдой ала турган финансылык инфраструктураны бекемдөөнүн үстүндө иштешибиз керек”, – деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти мисал катары уюмдагы өлкөлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, соода, финансы, маалыматтык кызмат көрсөтүү, чыгармачылык ишмердүүлүк, туризм, билим берүү жана медицина тармактарына, эмгек рыногуна көңүл буруп, колдоого алууга үндөдү.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Беларустун башында турган Александр Лукашенко катышты. Ошондой эле ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катары Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да сөз сүйлөштү.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG