АКШ жана НАТОнун билдирүүлөрү
Эгер Украина Орусияга каршы кармашта жеңиле турган болсо, АКШ бул согушка кийлигишүүсү ыктымал экенин CBS каналына курган маегинде Кошмо Штаттар Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис билдирди.
"Биз Украинанын утулушуна жол бере албайбыз. Себеби, эгер ошондой боло турган болсо, Американын бул конфликтке аргасыз кийлигишүү ыктымалдыгы кыйла жогорулайт – каражат менен эле эмес, аскер кызматкерлерибиз менен дагы катышууга туура келет", – деди конгрессмен.
Жеффристин пикиринде, Орусиянын президенти Владимир Путин СССРди калыбына келтирүү максатын көздөгөндө, Украинадан кийин мурдагы союзга мүчө болгон башка да мамлекеттерге, анын ичинен азыр НАТОго кирген өлкөлөргө дагы коркунуч жарата баштайт.
Италиянын La Repubblica басылмасы НАТО Орусия үчүн "кызыл чекти" аныктаганын, эгер орус бийлиги андан өтө турган болсо, альянс Украинадагы согушка кийлигишүүсү ыктымал экенин өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматында, азыркы тапта НАТОнун Украинага аскер жөнөтүү боюнча эч кандай ыкчам планы жок, андыктан азырынча божомол кадамдар гана каралууда.
Макаланын авторунун айтымында, биринчи "кызыл сызык" – согушка Беларустун Орусияны колдоп түздөн-түз кийлигишүүсү, мисалы, Украинанын борбор калаасы Киевге Беларустун аймагынан жаңы чабуул жасоосу.
Эгер Орусия Балтика боюндагы өлкөлөргө аскердик чагым жасай турган болсо же Молдовага кол салса, бул "кызыл сызыктан" өткөн экинчи себеп катары каралышы мүмкүн.
НАТО аскерлерин Украинага жөнөтүү ыктымалдыгын быйыл 26-февралда Франциянын президенти Эммануэл Макрон да айткан. Эртеси күнү уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Украинаны "болуп көрбөгөндөй колдоп" жатканы менен, "Украина аймагына аскердик бөлүктөрдү жайгаштыруу боюнча эч кандай план жок экенин" билдирген.
Орусия өзөктүк машыгуу өткөрөрүн жарыялады
Орусия НАТОнун Украинадагы согушка кийлигишүү ыктымалдыгы жөнүндөгү билдирүүлөрүнө жооп иретинде өзөктүк сокку тууралуу айтып коркутуп жатат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков конгрессмен Жеффристин, Макрондун жана "британ өкүлдөрүнүн" айткандары тууралуу:
"Алар Украинага аскердик контингентин жөнөтүүгө даярдыгы, башкача айтканда, НАТО аскерлерин орусиялык аскерлерге каршы тизүү ниети жөнүндө айтып жатышат. Бул тирешүүнүн күчөшүндөгү жаңы айлампа. Мындай мурда болгон эмес, бул өзгөчө көңүл бурууну жана өзгөчө чараларды талап кылат", - деди.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Түндүк Атлантика альянсынын аскердик контингентин Украинага жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу сөз кылган кишилердин баарын "шылуундар", "акылсыздар" деп атады. Ал Телеграм-каналына кимде-ким Украинага аскер жөнөтө турган болсо, согуштун түздөн-түз катышуучусу катары бааланарын, аларга жооп кайтарыларын белгилеп, эгер ошондой кадамга бара турган болушса, "эч кимиси эч жерге – Капитолий дөңсөөсүнө да, Елисей ордосуна да, Даунинг стрит 10го да жашынып кутула албай" турганын, "дүйнөлүк катастрофа" башталарын жазды.
Медведев "Башкы штаб стратегиялык эмес өзөктүк куралды даярдоо жана колдонуу маселесин иш жүзүндө карап көрүүнү да камтыган машыгууга даярдана баштаганын" кошумчалады.
Орусия жакын арада “стратегиялык эмес өзөктүк күчтөрдүн күжүрмөн тапшырма аткарууга даярдыгын жогорулатуу максатында” машыгуу жүргүзүүнү көздөп жатканын 6-майда өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме белгилегендей, мындай машыгуу өткөрүү тапшырмасын президент Владимир Путин берди; Башкы штаб Украина менен чектеш тилкедеги "Түштүк аскердик округдун ракеталык түзүмдөрү менен авиациянын жана Аскердик-деңиз күчтөрүнүн катышуусунда" даярдана баштады. Машыгуу каерде жана качан өтөрү так жарыялана элек, бирок жакын арада болору кабарланууда.
Талдоочунун пикири
Орусия пландап жаткан машыгуу кандай болушу ыктымал? Бул суроо менен "Настоящее время" телеканалы аскер маселелери боюнча талдоочу, Прага муниципалдык университетинин профессору Юрий Федоровго кайрылды:
"Билдирүү башка, машыгууну өткөрүү башка маселе, ушуну айырмалап карасак. Менимче, машыгуу тууралуу билдирүү – Батышты өзөктүк согуш менен коркутуу аракети. Макрон болобу же европалык башка саясий лидерлер болобу, кайсы бир шартта Европа мамлекеттеринин, НАТОнун аскерлери Украинанын аймагына жайгаштырылышы мүмкүн деген билдирүүлөрүнөн баш тарттыруу үчүн көрүлгөн аракет деп атасак болот. Кыязы, Орусиянын саясий жетекчилиги менен аскердик башкармалыгы ошончолук коркуп кетишкен окшойт, кайрадан өзөктүк опузасын баштады", – дейт Федоров.
Талдоочунун пикиринде, Орусиянын Коргоо министрлигинин машыгуу жөнүндөгү билдирүүсүндө келтирилген аныктамага көңүл буруу зарыл:
"Бул өзөктүк курал колдонула турган машыгуу эмес. Себеби мындай курал колдонулуучу машыгууда кадимкидей өзөктүк жарылуу, өзөктүк ок-дарынын жарылуусу болушу зарыл. Ошондон соң аскерлердин чыныгы жарылуудан кийинки шартта аракети кандай болушу керектигин иш жүзүндө көрүү дегенди түшүндүрөт. Менимче, бул Орусиянын Коргоо министрлиги өз аскерлеринин стратегиялык эмес өзөктүк курал колдонууга даярдыгын текшерип көрүү аракети болушу мүмкүн".
"Башкача айтканда, өзөктүк курал ташыган ракетага – мисалы, "Искандерге", "Калибр" ракетасына же авиациялык алып жүрүүчүгө чыныгы өзөктүк ок-дары же болбосо алардын окшоштурулган тулкусу (имитатору) орнотулат. Анан ошонун негизинде экипаж, мисалы, суу астында жүрүүчү кайыктын же бул ракеталар жайгаша турган кеменин экипажы өзөктүк курал менен кантип иштөө керектигин көрүп, үйрөнүшөт", – деп түшүндүрүүдө Юрий Федоров.
Аскердик эксперттин пикиринде, тактикалык машыгуу учурунда өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгы аз:
"Ракета өзөктүк курал менен учурулабы же жокпу, билбейбиз. Менимче, андай деле эмес, себеби ал башка бир жакка учуп же дагы бир нерсе болуп кетиши ыктымал, такыр башка жакка барып түшүшү да толук мүмкүн. Орус армиясында машыгуу учурунда эмне гана болуп кетиши мүмкүн эмес? Ошондуктан имитатор колдонушат го дейм. Башкача айтканда, ошол өзөктүк курал кайсы бир белгиленген убакта жана жерде жарылуусун камсыз кыла турган техникалык иш-чараларды, аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Ошону машыгуу деп атайт".
"Медиазона": масштабдуу өзөктүк машыгуу СССР заманынан бери боло элек
Орусия бул жолу жарыялагандай машыгууларды дайыма эле өткөрүп жүргөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевада жайгашкан Куралсыздандыруу маселелерин изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Павел Подвиг айтууда.
"Медиазона" басылмасына курган маегинде ал Орусия мындай машыгууларын буга чейин да өткөрүп келгенин, балким, бул жолкусунун масштабы кеңирирээк болушу ыктымал экенин билдирди. Мисалы, анын айтымында, 2020-жылы Бурятияда "Искандер-М" экипажы "атайын ок-дарыны жеткирүү" боюнча машыгуу өткөргөн.
"Мага НАТО Орусия өзөктүк курал колдонууну практикалап жатат дегенде дал ошол жеткирүү тууралуу гана сөз болорун айтып беришти. Негизи бул кадыресе эле нерсе, себеби ошон үчүн машыгуу деп аталат да. Бирок, менимче, чыныгы курал эмес, макетти колдонуп машыгып жүрүшөт. Бул жолу да чыныгысын колдонушпайт деп үмүттөнөм".
Стратегиялык эмес, башкача айтканда, тактикалык курал – бул тротил эквивалентинде бир нече килотоннага барабар, кыйла чакан чөлкөмдү зыянга учуратуучу ракета алып жүрүүчү өзөктүк курал.
Мындай курал колдонулган машыгуулар СССР маалында өткөрүлчү, азыркы Орусиянын тарыхында болгон эмес.
"Медиазонанын" маалыматына караганда, тактикалык өзөктүк курал колдонуу боюнча машыгуулар 1970 жана 1975-жылдары уюштурулган. Советтик флоттун ошол машыгуулары "Океан-70" жана "Океан-75" деген аталыштар менен өткөрүлгөн. Ушундай эле иш-чара 1983-жылы, СССР жана АКШ ортосундагы чыңалуу Кариб кризисинен берки эң курч абалда турган кезде да болгон, бирок анда чын эле тактикалык өзөктүк курал боюнча уюштурулганы тууралуу так маалыматтар жок.
"Медиазона" белгилегендей, Орусиянын Илимдер академиясынын аналитиктери изилдөө жүргүзүп, 1970-жылдан кийин НАТО менен өзөктүк курал колдонуп согушуунун мааниси жок деген тыянакка келишкен. Алардын изилдөөсүндө "Мындай кармашты көзөмөлдөө мүмкүн болбойт жана аскердик көз караштан алып караганда олуттуу натыйжа бербейт", - деп белгиленген.