Алардын бири – белгилүү окумуштуу, антрополог Рахиле Дауттун тагдыры жөнүндө 27-апрелдеги санында Financial Times (FT) басылмасы баяндады.
Эдвард Уайт Үрүмчүдө туулуп-өскөн профессор Шинжаңдын поэзиясын, фольклорун, музыкасын, каада-салттарын изилдегенин, кантип эмгектенип, студенттерге таалим бергенин сүрөттөйт. Ал аймактын исламга чейинки тарыхына да, буддизм, шаманизм салттарына кызыкчу. Ыр саптарынан жана ырым-жырымдардын негизинде антрополог шинжаңдыктардын Борбор Азиядагы жана башка аймактардагы ата-бабалары менен байланыштарын аныктаган.
- Рахиле Даутка чейин жарыяланган китептерде уйгурлардын оозеки тарыхы гана чагылдырылып, алардын кайдан, качан келгени, кантип жамаатташканы жөнүндө маалымат жокко эсе болчу, - деп белгилейт журналист.
“Керебеттердин астындагы кутулар диск, видеокассеталарга толтурулган. Уйгурлардын улуттук музыкасынын фонунда түн ортосуна чейин иш үстөлүндө жазып отурчу. Маал-маалы менен бийге түшчү”.
1990-жылдардын аягында Бээжин педагогикалык университетинде фольклористика боюнча илимдин доктору даражасын алган алгачкы уйгур аял болгон.
Анын илимий ыкмасын замандаштары жаңыча саамалык деп баалашчу. Даут жаш уйгурларды, чет элдик изилдөөчүлөрдү окутуп, билими менен бөлүшүп келген. Журналист бардыгы этнографты коштогон тобокелдикти аңдап-билишкенин, коммунисттик партиянын саясатынан, уйгурларга жасалган мамиледен кабардар болгонун жазат.
Ошентсе да репрессияларга карабай, жыйырма жылдай Даут ошол системада эмгектенип жүрдү. Бирок студенттерине тыюу салынган китептерди окубоо, илимий иштеринде өкмөткө сын айтуудан оолак болуу кеңешин берип келген.
Ири мамлекеттик университетте иштеген, мамлекет каржылаган илимий долбоорду жетектеген, атагы чет өлкөлөргө чейин тараган белгилүү окумуштуу 2017-жылы башкалаага илимий конференцияга барган бойдон дайынсыз жоголгон. Ал Бээжинге жеткенби же полиция Үрүмчүдө эле кармап кеткенби, белгисиз. Кийин гана Даут Шинжаңдагы интеллектуалдар кабылган куугунтуктун курмандыгы болуп калганы ачыкка чыкты.
- Аны 2018-жылдын декабрында тымызын соттошкон, андан кийинки 5 жыл бою жакындары дээрлик кабар ала албай жүрүштү, - деп улантат Уайт.
Былтыркы жылдын башында профессор мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан “бөлүп-жаруу” үчүн өлүм жазасына өкүм кылынганы айтыла баштап, сентябрда бул версия бышыкталды.
Эксперттердин пикиринде, Дауттун окуясы уйгурларды куугунтуктоонун символуна айланды. Мурда Кытай кайра тарбиялоо саясатын жүргүзсө, кийин узак мөөнөткө абакка кесүү ыкмасына өттү. Ал эми окумуштуу сактап калууга аракеттенген ислам маданиятын жок кылуу аракеттери күчөдү.
57 жаштагы этнографтын улгайган энеси бар, кызы Акеда бир нече жылдан бери АКШда жашап жүрөт.
FT Кытайдын Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Алар "өлкөдө мыйзам үстөмдүгү сакталат, Шинжаңдагы саясатты калың эл кеңири колдойт" деп жооп беришкен.
Радиациялык калдыктар сугат сууга куюлуп кетиши ыктымал
Борбор Азиядагы ири көлөмдөгү уран калдыктарын кармап турган дамбалар туруксуз, алар кыйрап калса, Чернобылдагыдай атомдук кырсыкка алып келиши мүмкүн. Рейтер агенттиги 24-апрелдеги материалында изилдөөлөргө таянып, андай кырсык түшүмгө мол Фергана өрөөнүн жашоого жараксыз кылып коет деп жазды.
Маалыматка караганда, Кыргызстандагы 700 миң куб метр уран калдыктарын тиреп турган дамбалар 2017-жылдагы жер көчкү маалында зыянга учураган. Советтик мезгилде курулган жайларды изилдөө көрсөткөндөй, жер дагы бир жолу көчсө же зилзала болсо, ошол калдыктар Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан айдоо аянттарын сугаруу үчүн пайдаланган дарыяларга куюлуп кетиши мүмкүн. Анын арты менен өрөөндөгү миллиондогон киши жер которууга аргасыз болмокчу.
Европа комиссиясы менен Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынын биргелешкен долбоорунун алкагында жүргөн изилдөө уулуу калдыктарды Майлуу-Суу дарыясынын жээгинен көчүрүү зарыл деген жыйынтыкка келди. Макалада булганган суу 16 миллион киши жашаган, көбү пахта, күрүч, арпа-буудай, жашылча, жер-жемиш өстүргөн аймакка агышы ыктымал деп айтылат.
Кабарчы маектешкен Майлуу-Суудагы радиологиялык лабораториянын жетекчиси Гүлшайыр Абдуллаеванын айтымында, суу дамбаны жырып кетсе, эки шахтадагы калдыктар сууга куюлуп кетет.
“Анда экологиялык кырсыкты Чернобыль менен салыштыра болот”, - деп кошумчалады адис.
Ал эми кыргыз өкмөтү менен иштеген германиялык G.E.O.S фирмасынын инженери Себастьян Хесс ошол таштандылар суюк экенин, муну менен коркунуч артаарын белгилейт. Анткени жер катуу титиресе, алар сууга кошулуп кетет.
“Сууну кийин сугатка пайдаланышат, демек зыяндуу заттар айыл чарба продукциясына жугат”, - деп түшүндүрөт Хесс.
Рейтер жазгандай, Бишкек өкмөтү жана германиялык компания калдыктарды эки кооптуу жайдан дарыядан алысыраак жерге көчүрүү үчүн 22-25 миллион евро керектелерин эсептеп чыгышты.
Борбор Азия - "мүмкүнчүлүктөр тилкеси"
Борбор Азияда кайрадан “Чоң оюн” башталууда. Бирок бул ирет башкача аталышта жана башкача эрежелер менен жүрөт, 21-кылымдагы атаандаштыкты саясат эмес, экономика аныктайт. Bne IntelliNews медиа компаниясы 23-апрелде жарыялаган бул темадагы макаласын “Борбор Азия: “мүмкүнчулүктөр тилкесине” кош келдиңер” деп атаган. Авторлор казакстандык “Талап” изилдөө борборунун докладын талдап чыккан. Анын негизги жыйынтыгы – “регион мурдагыдай ири державалардын тиреш театры болбой калган, эми мүмкүнчүлүктөр чөлкөмүнө айланууга аракет көрүүдө”.
Макалада Орусия Украинага кол салып, санкциялар киргизилгенден кийин Борбор Азиядагы геосаясий динамика өзгөргөнү, регионго кызыгуу артканы айтылат.
- Бээжин Москвадан озуп чыгып, региондун ири соода өнөктөшүнө айланды, Батыштын үлүшү азыркыдай динамикада өсө бермекчи, - деп боолголошот талдоочулар.
Казакстандык борбордун баяндамасында белгиленгендей, Еврошаркет менен Борбор Азиянын алака-катышы Украинадагы согуш башталгандан бери “өзгөчө жанданды”, аймактын тургундарынын басымдуусу Батыш менен Орусиянын тирешине тартылууну каалабайт.
Андан ары экономикадагы көп векторлуу саясатты өнүктүрүү үчүн ишкердик климатты жакшыртуу, соода жана менчик укуктарды так аныктоо зарылдыгы тууралуу айтылып, Батыштын инвестицияларына тоскоолдук түзгөн дагы бир фактор катары сот системасынын начардыгы, корпоративдик талаштарды чечүү үчүн механизмдердин жоктугу аталат.
“Борбор Азиядагы инвестициялык климат өкмөттөрдүн регионго болгон кызыгуудан пайда табуу чечкиндүүлүгү менен институционалдык тоскоолдуктар ортосундагы татаал балансты чагылдырат”, - деп айтылат докладда.