- Дастанбек Разак уулу, Түркиядагы Докуз Ейлүл университетинде докторантураны аяктаган, учурда Стамбулда жашап, эмгектенген тарыхчы, окумуштуу.
- Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери Жаныбек казы тууралуу ар түрдүү булактардын негизинде изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Бирок изилдөөлөрдүн көпчүлүгү анын Кыргызстандагы басмачылык кыймылга катышуусу, лидерлиги, эрдиктери гана баяндалып, Шинжаңдагы: Кашкар, Жаркент, Каргалык, Хотандагы окуяларга катышканы айтылбай келет. Бул макалада Жаныбек казынын Шинжаңдагы эрдиктери, аймактын азаттык үчүн күрөшүндөгү орду, салымы жөнүндө сөз болот.
Кашкар шаары 1930-жылдарда түрк тектүү улутчулдардын жана исламчылардын ордосуна айланган. Ферганада советтик бийликке каршы күрөштө жеңилип калган кыргыз, өзбек, ферганалык түрктөрдөн турган басмачылар Чыгыш Түркстанга өтүп кеткен.
Кыргыз басмачы лидерлерден: Жаныбек казы, Ади корбашы, Парпи корбашы, Айтмерек корбашы, Бостонкул, Коргонбай, Муратбек, Касап, Гиди, Матас кары, Ташбай, Кошмат, Чыпак казы; өзбектерден: Сатыбалдыжан, Адуллах хан, Султан бек Бахтияр, Жусупжан; ферганалык түрктөрдөн: Кайып паңсат, Абдулхалык ж.б. өз жигиттери менен Кашкар жана анын айланасына чогула башташкан. Корбашылар ал жактагы жергиликтүү уйгур, кыргыз, дунгандар менен биригип, чөлкөмдүн азаттык үчүн согушуна активдүү катышып, шаарлардын алынышына чоң салым кошкон. Ошолордун эң активдүүсү - өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен аймактагы лидерлерди да өзүнө дос кыла алган Жаныбек казы.
Казынын Чыгыш Түркстанга өтүшү
Жаныбек казы 1918-жылы “басмачылык кыймылы” башталган күндөн тартып эле ага активдүү аралашып, Өзгөн, Кара-Кулжа аймагында совет бийлигине каршы салгылашкан.
1922-жылы Фергана өрөөнүндөгү басмачылык кыймылы алсызданып калганда совет бийлиги менен келишим түзүп, өз аймагынын башкаруучусу болуп дайындалган. Анын совет бийлиги менен эки-үч жолу тынчтык келишимге келгенин изилдөөчүлөр айтып келет.
1926-27-жылдары совет бийлигинин жер-суу реформасы, колхоздоштуруу, кулакка тартуу, салык ж.б. саясатынан улам Жаныбек казы кайрадан совет бийлигине каршы күрөшкө чыккан.
Бир нече жыл Өзгөн, Кара-Шоро, Кара-Кулжа, Алайку, Арпа, Ат-Башы тарапта орустарга каршы салгылашкан казы 1929-жылы өзүнүн жигиттери менен Чыгыш Түркстанга өтүп, ал жакта Серхат Жойулган деген жерге жайгашкан. Казы ал жакта да жөн турбастан аскерлери менен советтик чек арага кол салып, салгылашып турган. Жаныбек казынын жигиттери бир салгылашта орустардын колунан көп жоготууга учураган.
Ошондон кийин акыркы жолу 1931-жылы 15-16-май күндөрү Ат-Башынын Сөөк ашуусу аркылуу Кытай чек арасына биротоло өткөн. Ал жакта аскерсиз калган Жаныбек казы Кашкар акимине советтик бийлик колундагы болгон байлыгын, мал-мүлкүн тартып алганын айтып, өзүн Кытай букаралагына алууну суранып кат жазган. Аскерсиз калган казыны кытайлар колго түшүрүп Кашкарга алып барган. Анткени советтердин мурдатан кытай өкмөтүнөн казыны кармоо талабы болгон. Бирок Кытай өкмөтү бул талапты орундатпай, советтик консулдук жок түштүктөгү Хотан шаарына жиберип, үй камагында кармаган.
Бул тууралуу өзгөндүк Парпи корбашы эскерүүсүндө минтип жазат:
“Жалгыз жана аскерсиз калган казыны кытай өкмөтү кармап, орустарга өткөрүп бербестен Кашкарга алып барат. Бирок совет өкмөтү казыны өздөрүнө өткөрүп берүү үчүн кытайларды кысымга ала баштайт. Кытай өкмөтү Жаныбек казыны Хотанга жөнөтүп жиберип, орустарга анын көз жумганын кабарлап, ал тургай башка бир өлүктү казынын сөөгү деп чоң зыйнат менен көмдүрүп, орустарды ишендиришет. Казыны Хотан акими үйүндө сактап, тамак-аш, кийим-кечесин да камсыздап турган”.
Кытайлардын казыны орустарга бербей, аны совет өкүлчүлүгү жок башка шаарга жөнөтүп жиберишине Иса Йусуф Алптекин аттуу уйгур лидеринин салымы чоң болгон. Ал кытайча жакшы билген, Кытай өкмөтүндө иштеген, 1926-30-жылдар арасында Кытайдын Ташкент, Анжиян шаарларындагы башкы консулунун котормочусу, катчысы болуп иштеген.
Ал бир эскерүүсүндө мындай деген: «Жаныбек казы кыргыздар арасында чоң сый-урматы, аброю бар киши эле. Коммунизм душманы, мекенчил инсан болгон. Басмачылык кыймылга катышып, өлкөсүн коммунисттерден куткаргысы келген. 1928-жылга чейин совет аскерлери менен салгылашып, кийин Чыгыш Түркстанга өтүп кетти. Совет бийлиги Кытай өкмөтүнөн ал жакка качкан кыргыздарды, өзбектерди жана Жаныбек казыны кайтарып берүүнү талап кылды. Үрүмчүдөгү губернатор Ташкенттеги баш консулдан бул боюнча пикирин сурады. Консул бардык ишти мени менен кеңешип чечим чыгарат эле. Менден сурады. Мен, албетте, кайтарып берүү туура болбостугун түшүндүрдүм. Себеби, чыгыш түркстандыктардын ансыз да кытайларга карата жек көрүүсү күч. Эгер алардын бул жактан качып барган боордошторун душмандарына өткөрүп берсеңер, жек көрүү ого бетер күчөйт. Бул Кытай үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк. Орто азиялыктарды да Кытайга душман кылып кереги жок. Аларды өткөрүп бербей, жакшы карасаңар, орто азиялыктардын да жүрөгүн багындырасыңар дедим. Консул айткандарыма макул болуп, губернаторго кандай болгон күндө да казыны өткөрүп бербегиле деп кат жазды. Губернатор Кашкар акимине аны бир жолун таап өткөрүп бербе деп буйрук кылды. Кашкар акими казыны Совет өкүлчүлүгү жок алыскы Хотанга жөнөтүп жиберди. Биз Ташкентте болгон убакта бир дагы орто азиялыкты советтерге өткөрүп бербедик, боордошторубузга кылган кызматыбыз ушул болду".
Шинжаңдагы көтөрүлүш
1931-жылы Кумулда башталган көтөрүлүш тездик менен бүтүндөй чөлкөмгө тараган. Бири-бири менен байланышы болбосо да, жер-жерлерде уйгурлар, кыргыздар, казактар, дунгандар Кытай бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыга баштаган. 1933-жылдын башында Алтай, Текес, Кулжа, Үч-Турпан, Куча, Ак-Суу, Тумшук аймактарында көтөрүлүштөр кулач жайган. 1933-жылы февраль-апрель айларында уйгурлардан Темир, Хафыз, үч-турпандык кыргыз Кулубек Абдуллах, өзгөндүк Парпи, дунган Ма Шинцзинь (Мазуха) Турпан, Кулжа, Тумшук, Ак-Суу, Марал-Башы, Файзабад шаарларын кытайлардын колунан алышкан. Алар өзгөндүк Парпи корбашыдан Жаныбек казы тууралуу маалымат сурап, көтөрүлүштө аны дагы жандарына кошуп алууну көздөшкөн. Бирок казы алыскы Хотан аймагында үй камагында болгондуктан, анын Ак-Суу тарапка келиши мүмкүн эмес эле. Апрель айында кызыл-суулук кыргыздар Осмонаалы, Ороз, Кошмат кол башчылыгындагы 800 кыргыз аскери менен Кашкар шаарын каратышкан. Шаардын алынышына жаш Кашкар партиясын түзгөн уйгурлар да жардам беришкен. Кашкар алынгандан кийин Темир, Хафыз, Ма Шинцзинь, Абдуллах Кулубек, Парпи корбашы баш болгон түндүктөн келген лидерлер да шаарга киришкен. Уйгур лидери Темир жана кыргыз лидери Осмон “генерал”, “паша” деген наамдарды алышкан.
1931-жылы кумулдагы көтөрүлүштүн артынан чөлкөмдөгү экинчи болуп 1932-жылы Хотанда алтын кенде иштеген жумушчулар көтөрүлүш чыгарышкан. Бул кырдаалдан пайдаланып аймактын лидерлери уюмдаша баштаган. Кашкар, Ак-Суу, Кулжа тарапта көтөрүлүштөр болуп жатканда, Хотандагы лидерлер аракетке өтүшкөн. 1933-жылдын башында хотандык Мухаммед Эмин Бугра, туугандары, достору, санаалаштары, окуучулары менен биргеликте “Улуттук ыңкылап комитетин” курушкан.
Кулжа шаарынын эски казысы Абдулбакы Сабит Дамбылла Хотанга келип бул комитетке кошулган. Ал көп өлкөнү кыдырган, көп жактан тааныштары бар, саясий көз карашы да кенен инсан болгон. Алар аймактагы христиан, коммунист, кытай жана дунгандарга каршы турган. Комитеттин лидерлери Чыгыш Түркстанда Ислам Республикасын курууну көздөшкөн.
Жаныбек казынын аброю жана эрдиги
Бул убакта Жаныбек казы Хотан шаарына жакын жерде кытай өкмөтүнүн көзөмөлүндө үй камагында эле. Жаныбек казы Хотандагы эң таасирдүү адам, Каракаш муфтийи Мухаммед Нияз Алем менен жакын дос болгон. Нияз Алем Жаныбек казыга улам барып, маселелерди чогуу талкуулашкан. Жаныбек казы жашаган үйдүн алдында дайыма кытай полициясы кайтарып тургандыктан, бул көрүнүш ага жаккан эмес. Муну сезген Нияз Алем Хотандагы кытай акимине кайрылып, аны Хотан эски шаарына алып кетүүсүн өтүнүп кат жөнөткөн. Нияз Алемдин Хотандагы таасирин билген кытай акими шаардан эч жакка чыкпайт деген талап менен Жаныбек казыны Хотан эски шаарына барып жашашына макул болгон. Хотандагы үй камагында жатканда да жергиликтүү лидерлер Жаныбек казыга барып турушкан. 1932-жылы Нияз Алем жээни Абдуллах Ахун менен Жаныбек казыга келип, Кумулда Кожо Нияз көтөрүлүш баштап, ийгиликке жетишип жатканын, жакында алар да көз карандысыздык үчүн күрөштү баштай тургандыгын айтып кеткен.
Хотандагы Улуттук ыңкылап комитети Каракашта чогулуп, 20-февралда убактылуу өкмөт түзгөнүн жарыялашкан. Анын төрагалыгына Мухаммед Нияз Алемди, орун басарлыгына Сабит Дамбылланы шайлашкан. Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчылыгына Мухаммед Эмин Бугра, анын бир туугандары Шахмансур жана Нурахмед жардамчылары болуп дайындалышкан. Кийинчерээк бул убактылуу өкмөттү “Хотан Ислам Өкмөтү”, “Хотан Эмирлери Өкмөтү” деп аташкан.
Хотандыктар Каракашты караткандан кийин 28-февралда Жаныбек казы кармалып турган Хотан эски шаарын каратышып, казыны кытайлардын үй камагынан бошотушкан. Эски шаарды алдырган кытайлардын баары Хотан жаңы шаарына топтолушкан. Хотан жаңы шаары абдан бекем курулган чеп эле. Хотан Эмирлери өкмөтү көп өтпөй жаңы шаар чебин курчоого алышкан. Шаарды алуу үчүн куралдуу күчтөрдүн башчысы Мухаммед Эмин Бугра Жаныбек казынын пикирин сурап, аны менен кеңешип, пландарды кошо түзүшкөн. Аймакты Кашкардагы Англия консулдугунун архив материалдары негизинде изилдеген окумуштуу Эндрю Форбс: «Хотандагы Эмирлер өкмөтү Жаныбек казынын бир убактагы Ферганадагы аскердик тажрыйбасын жана абройун эске алышып, аны Хотанда армиясына кол башчы кылып дайындаган”, - деп белгилейт. Бир убакта Түркстан автономиясынын тышкы иштериндеги өкүл, басмачылык кыймылга катышкан, кийин Түркияга кетип ал жакта жашап калган Абдуллах Режеп Байсун, Жаныбек казы камактан чыкса да, атайын даярдыктагы миңдей аскери бар эле, алар менен хотандыктарга кошулду деп жазат. Казынын хотандык лидерлерге кошулушун атактуу башкыр тектүү мамлекеттик ишмер, тарыхчы, окумуштуу Зеки Валиди Тоган "Жаныбек казы менен Сабит Дамбылланын биригиши - Батыш Түркстан (Орто Азия) менен Чыгыш Түркстан (Шинжаң) биримдигинин (союз) түзүлүшү” катары баалайт.
Ошентип, Хотанда Жаныбек казы менен бириккен күчтөр бир канча күн жасалган чабуулдардан улам 1933-жылы 16-мартта Хотан жаңы шаарын багындырышып, 260тан ашуун кытайды мажбурлап мусулманчылыкка өткөрүшкөн. Көптөгөн индиялык сүткорлорду өлтүрүшүп, швециялык миссионерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышкан.
Хотанды толук өздөрүнө каратышкандан кийин Жаныбек казы жана Шахмансур баштаган армия 11-апрелге чейин Гума, Каргалык, Посгам шаарларын жана Жаркент эски шаарын каратышкан. Апрель аягында Жаркент жаңы шаарында эки миңдей кытай жана дунган аскерлерин курчоого алышып, эгер кытайлар исламды кабыл алышып, куралдарын таштап, багынып беришсе, алар өлтүрүлбөй тургандыгын билдиришкен. Аларга 12-майга чейин мөөнөт беришкен. Мындан мурдараак Кашкарды жеңип алган уйгур, кыргыз аскер бирдиктери да Жаркентке келе башташкан эле. Осмондун Кашкарда кубаттуу күчкө айланганын уккан Жаныбек казы андан аскердик жардам сураган. Осмон жүздөн ашуун аскерин Мазуханын 400 дунган аскерине Кошматты командир кылып Жаркентке Жаныбек казыга жардамга жиберген. Бул арада уйгур генерал Темир өзүнүн Хафыз аттуу кол башчысына уйгур аскерлерин кошуп Жаркентке жиберген.
Осмон жиберген дунган аскерлери Жаныбек казы жана Кошматка кыянатчылык кылып кытайлар тарапка өтүп кетишкен. Кашкардан келген дунган аскерлери кытай жана дунган аскерлери камалып турган Жаңы шаардын ичине киришкен. Жаныбек казы мындан кийин кытайлардын тынчтык келишимине каршы болуп, алар менен согушууга бел байлаган. Жаңы шаарда дунган аскерлеринин саны көбөйүп, кытайлар да коргонуу күчү бекемделип калган. 18-майда дунгандар жаңы шаардан сыртка чыгып, Жаркент эски шаарынын алтын жана ханках дарбазаларын кыска убакытка каратып алышкан жана кайтардан мурда айланадагы үйлөрдү өрттөп кетишкен. Жаныбек казы кытай жана дунгандарга каршы тынбай чабуул коюп турган.
22-майга чейин бейтарап турган Хафыз Кашкарда түрк жана дунгандардын ортосу бузулгандыгын уккандан кийин, хотандык уйгурлар биригип, кыргыздардын да күчү менен 26-майда Жаркент жаңы шаарын алышкан. Бул шаарды алууда Жаныбек казы өзгөчө роль ойногон. Салгылашууда 80 кыргыз, 400 кытай, дунган аскери өлгөн. Жеңишке жеткен кыргыздар менен уйгурлар 450гө жакын мылтык олжо алышкан. Дунгандар дароо кыргыздар менен макулдашууга барышкан. Алар кетирген катачылыктары үчүн кытайларды Жаркенттен бүт чыгарып, Кашкарга сүрүп салуу боюнча Жаныбек казыга сөз беришкен. 10 кытайды колго түшүрүшкөн. Бирок кыргыздар дунгандарга ишенбей, аларды кытайлар менен биригип миң кишилик эки топ түздүрүп, Кашкарга кетүүсүнө уруксат беришкен.
Кашкарга жөнөгөн дунган атчан аскерлери Кызыл деген жерге келгенде, Осмон пашанын кыргыз аскерлери тарабынан жок кылынган. Командири Кашкарга качып араң кутулган. Жаркентти толук алган кыргыздар Жаныбек казы жетекчилигинде Жаңы Гисарга (Йени Хисар) киришип, шаарды кытайлар менен дунгандардан тазалашкан. Ошентип, 1933-жылы май айларынын аягында Чыгыш Түркстандын түштүгү – Хотандан Кашкарга чейинки аралык Жаныбек казынын салымы менен толук кыргыз жана уйгурлардын колуна өткөн. Чыгыш Түркстандагы күчтөр Жаныбек казынын сунушу менен Темир өзүнүн уруусуна башчы (сыягы Кашгардан Ак-Сууга чейинки уйгурлар болушу керек), Шахмансур Хотандын башкаруучусу, Осмон Чыгыш Түркстандагы бүтүн кыргыздардын башчысы болуп дайындалышкан. Булардын баары Кумулдагы Кожо Ниязга баш ийебиз дешип Жаныбек казыга сөз беришкен. Кожо Нияз тууралуу Жаныбек казыга Нияз Алем жана Сабит Дамбылла көп айтып, аны чөлкөмдүн келечектеги башкаруучусу болот деп ынандырышса керек.
Бирок Жаркент уйгур жана кыргыздардын колуна өткөндөн кийин шаар үчүн хотандыктар менен кашкарлыктар арасында тирешүү башталган. Шаарды алууда кыргыздардын салымы чоң болсо да, эмнегедир алар шаар үчүн таасир талашкан эмес. Алардын негизги максаты Кашкар болсо керек. Себеби, көп өтпөй Кошмат да Жаныбек казы да июнь айында Кашкарга келген.
Казынын Кашкарга келиши
Бул арада Алайдан чыккан атактуу басмачылардын бири Ади корбашы (Ади Кожоев) советтик түрмөдөн качып чыгып, Алайдагы үй-бүлөсүн алып Кашкарга барган. Анын Кашкарга келиши менен айланасына көптөгөн адамдар чогула баштаган. Жада калса ага Осмон паша жана эски досу Парпи корбашы да аскердик, курал-жарактан жардамын көргөзө баштаган.
Жаркент шаарын кытайлардан алышкандан кийин Хотан Ислам Өкмөтүнүн орун басары Сабит Дамбылла, Эмир Абдулллах хан 300дөн ашуун аскерлери менен 4-июнда Кашкарга келген. Инисин Жаркентке башчы кылып таштаган Шахмансур өзү 2 миң аскери менен Кашкарга аттанган. 11-июнда Хотан армиясынын тең кол башчысы Жаныбек казы миң аскери менен Кашкарга келген. Бул тууралуу корбашы Парпи Өзгөн 250, Зеки Валиди Тоган 400, Эндрю Форбс 1000 аскери менен келген деп жазышат. Осмондун Жаркентке жиберген Кошматтын да кыргыз аскерлери Жаныбек казы менен бирге Кашкарга келсе керек. Кандай болгон күндө да казы көп жигиттери менен келгени анык. Анткени анын келиши СССРдин Кашкар консулдугун чочулаткан. Кытайлар тарабынан өлтүрүлдү деп ойлогон бир убактагы душманы Кашкарга келгенде, чөлкөмдөгү көз карандысыздык үчүн жүргүзүлгөн жеңишке совет душмандары ээлик кылат деген кооптонууну жараткан.
Анын үстүнө Жаныбек казы аскер гарнизонун Жаш Кашкар партиясынын абройлуу лидерлеринин бири Абдурахман Байбаччанын бакчасына жайгаштырганда, Хотан Эмирлери менен Жаш Кашкар партиясы өнөктөштүк түзүп жатышат деген маалымат таралып, бул Совет бийлигин андан бетер тынчсыздандырган. Жаныбек казынын Кашкарга келиши кыргыз лидери Осмонду да чочулаткан. Анткени Осмондун байлык топтоп, саясий иштерге анча маани бербей калышы кыргыз аскерлерин ачууланткан. Ошондуктан кыргыз аскерлери альтернативдүү лидер катары Жаныбекти көрө башташкан.
Генерал Темир менен Осмон паша хотандыктардын Кашкарга келүүсүн жактырышпаса да, аларды салтанаттуу тосуп алып, Кашкар жаңы шаары менен Кашкар эски шаарынын ортосундагы тилкеге жайгаштырган. Темир хотандыктарга кол салуу үчүн ыңгайлуу учурду күткөн. Бул арада Жаркентте Темирдин адамы Хафыз менен Хотан Эмирлеринен Нурахмеджан шаарды бөлүшө албай сүйлөшүүлөрдү улантып, айрым учурда кагылышууга чейин барып жатышкан. Нурахмеджан бул окуялардан кийин айрым төбөлдөргө каршы аракетке өтүп, аларды кармап, башын кесип элге көрсөткөн. Бул Нурахмеджандын Хафызга каршы ачык эле баш көтөрүүсү катары кабыл алынган. Бул кабар Кашкарга жеткенде, Темир ачууланып, хотандыктардын Кашкардагы бирдиктерине кол салууну пландап, Осмон пашаны Жаныбек казыга каршы тукура баштаган.
Ансыз да Жаныбек казы Кашкарга келгенден кийин советтик чек арага кол салат экен деген сөз тараган. Муну уккан Кашкардагы совет консулу эгер Жаныбек казы советтик чек арага кол салса, советтик армия Шинжаңга кирет, натыйжада Кашкарды да алдырып койосуңар деп коркутуп, Осмон паша менен Ади корбашыны казыга каршы тукурган.
13-июнь күнү эрте менен Темир жана Осмон паша Абдурахман Байбаччанын багына 750 аскер жөнөтүп, Жаныбек казыны карматып, аскерлерин куралсыздандырган. Жаныбек казыдан кийин Шахмансур менен Сабит Дамбылланы да карматып, камап салышкан. Бирок эртеси Сабит Дамбылла менен Шахмансур камактан чыгарылып, гарнизондорунда көзөмөлдө кармалышкан. Жаныбек казы камакта калган. Англиянын баш консулу Фитзмаурсегни Темирдин бул аракетин Советтер Союзунун консулдугу пландап, ал каржылаган деп билдирген. Советтердин башкы душманы Жаныбек казыны Кашкардагы советтик консулдук ушундай жол менен саясий сахнадан түшүрүүгө аракет кылган.
Көп өтпөй кыргыз Осмон паша менен уйгур Темирдин ортосунда араздашуу башталып, Осмон Темирдин жалпы аскер башчылыгын кабыл албай тоо тарапка кеткен. Осмондун артынан түшкөн Темир дунгандар тарабынан өлтүрүлгөн. Темирдин өлүшү менен Кашкардагы уйгурлар лидерсиз калышкан. Жаныбек казы менен Шахмансур камактан чыгышкан, Шахмансур дунган лидери Мазухага кармалып калбашы үчүн Жаркентке качкан. Жаныбек казы качпастан Кашкарда калып, окуялардын өнүгүшүн байкап турган. Эски аким Машаову да мүмкүнчүлүктү пайдаланып көзөмөлдө турган үйдөн чыгып, жаңы шаарга келип Мазуха менен бириккен. Дунгандар эски шаарды басып алышкандан кийин бүт курал-жарак, ок-дарыны жаңы шаарга ташып кетишип, эски шаарда түрктөрдүн чабуулуна каршы аскерлерди жайгаштырган.
Генерал Темирдин өлгөнүн жана дунгандардын кылыгын уккан Осмон паша 1933-жылы 11-13-август күндөрү Кашкарга кайткан. Ади паңсат Осмон паша, Өмүр, Ороз, Парпи, Чыпак, Кошмат баштаган кыргыздар Темирдин уйгур аскерлери биригип Кашкар эски шаарын дунгандардан алышкан. Андан кийин кыргыздар, уйгурлар менен биригип Кашкар жаңы шаарына бир айдан ашуун чабуул жасалган. Бирок уйгурлардын дунгандарга тымызын жардамы, кыянаттыгы, айрым кыргыздардын да согуштан тажашы жаңы шаарды алууга кедерги болгон. Бул көрүнүш Осмондун да күрөштү улантуусуна тоскоолдук жарата баштаган. Ал шарапка байланып, саясий иштерге көңүл кош карай баштаган. Бул кылыгы жардамчы кол башчылары кыргыз Ороз, Чыпак казы, Абдулхалык, Жусупжан ж.б. жакпай, алар ачык сындап чыгышкан. Натыйжада октябрдын башында Осмон паша ордун Ади паңсатка таштап, Кашкардан чыгып өз айылына кеткен. Кийинчерээк Осмон паша өз айылында жүргөндө кармалып, Үрүмчүгө жөнөтүлгөн жана ошол жакта өлтүрүлгөн.
Адинин аброю өсүп баратканын байкаган Кашкардагы Совет өкүлчүлүгү аны менен кызматташууну сунуштаган. Бирок көп өтпөй душмандары анын жанындагы саткын адамдардын жардамы менен өлтүртүшкөн. Адинин өлтүрүлүшү менен Кашкарда ар кайсы майда күчтөр баш көтөрө баштаган. Бул арада дунгандар кайрадан Жаңы шаардан чыгып Эски шаарга кол салышкан. Үрүмчүдө Кожо Нияз, Гасилин баштаган дунгандар менен согушуп, жеңилип Кашкарга качкан. Гасилин Кожо Нияз баштаган уйгурлардын артынан түшүп Марал-Башына келип калган. Бул арада Хотанга качып кеткен Шахмансур кайрадан Кашкарга келген. Жаныбек казынын сунушу жана таасири менен Шах Мансур, Кожо Нияз жана башка лидерлер биригишкен. Жаныбек казы Кулубек Абдуллах Кулучинди (турпандык кыргыз) Марал-Башына жөнөтүп, дунгандардын кол башчысы Гасилин менен тынчтык келишимин түзүүгө жөнөткөн. Ага карабай Шахмансур дунгандар менен согушууну уланткан. Бирок Шахмансур жеңилип, дунгандар тарабынан башы кесилген. Бул окуялардан кийин Жаныбек казы Кашкарга ишенимдүү жигиттерин калтырып, өзү Жаркентке кеткен сыягы. Анткени бул окуялардан кийин Жаныбек казы жөнүндө эскерилбейт. Бул арада Кашкарга келген Сабит Дамбылла саясий абалды колго алган. Ал кыргыз күчтөрүнүн башында калган Ороз менен биригип, Кашкар өкмөтүн түзгөн. Саясий башкарууну уйгурлар колуна алганы менен, аскердик күч баары бир кыргыздарда калган. Кашкарда Ороздон сырткары: Мамасали казы, Молдо Шермат, Бегимкул, Молдо Ахмет деген кыргыз кол башчылары бар эле.
Кашкар өкмөтү менен Кумулдук Кожо Нияз жана бир нече лидерлер биригишип, 1933-жылы 12-ноябрда борбору Кашкар шаары болгон Чыгыш Түркстан Ислам Республикасын жарыялашкан. Республиканын президенти болуп Кожо Нияз, премьер-министри Сабит Дамбылла Абдубакы шайланышкан. Ошондой эле министрлер кабинети жана кеңешме (парламент) курулуп, ага кыргыздар да кирген. Мисалы, республиканын Коргоо министрлигине кызыл-суулук кыргыз Ороз, айрым булактарда алайкулук деп эскерилген Чыпак казы вице-премьер-министр кызматына отурушкан. Жаныбек казы бул жараянды Жаркентте көзөмөлдөп тургандыктан, анын жигиттери Ариф Кожо, Жусупжан корбашы, Абдурахман жана Керимжанга жаңы курулган республиканын армиясында маанилүү кызматтар берилген. Бирок башкаруучулардын өз ара келишпестигин СССР жана Кытай пайдаланып, төрт айдан кийин бул республиканы кулатышкан. Бир жарым жыл Жаркент тоо этектеринде жашаган Жаныбек казы 1935-жылы жолго чыгып, Памир аркылуу 1936-жылы Индияга (Пакистан) өтүп, Гилгит аймагындагы Иммит (Ишкаман) деген айылга бала-чакасы менен отурукташып калган.
1937-жылы Жаныбек казы дүйнөдөн кайткан. Көп маалыматтарда 1933-жылы каза болгондугу айтылып келет. Бул туура эмес жазылып калган, анткени анын Пакистандагы урпактары да 1937-жылы көз жумганын белгилешет. Логикалык жактан алып караганда да 1933-жылы Шинжаңдагы окуяларга октябрь айына чейин активдүү катышып жүрүп, ошол эле жылы Жаркент, Памир аркылуу Пакистанга жетип, ошол эле жылы каза болушу мүмкүн эмес. Анын Адалет деген кызы бала-чакасы менен Түркияга барып жашап калган. Жаныбек казы, анын өмүр таржымалы, Ферганадагы жана Шинжаңдагы күрөштөрү боюнча Кенжебай деген шакирти жана Адалет айым 1974-жылы жазуучу, тарыхчы Али Бадемчинин суранычы менен 74 беттик дептерге билгендерин жазып беришкен. Бул дептер азыр да Али Бадемчинин өздүк китепканасында сакталуу. Дал ушул эскерүүдө кызы Адалет айым да 1937-жылы өлгөндүгүн белгилейт. Ал эми тарыхчылар Гүлзада Абдалиева менен Төлөбек Абдрахманов "Үркүндөр" аттуу эмгегинде А.И. Пылевге шилтеме жасап, казынын өлгөнүн 1939-жыл деп белгилешкен.
Албетте, бул макалабыз Жаныбек казынын Шинжаңдагы окуялардагы орду тууралуу толук маалымат эмес. Ал үчүн Орусия, Англия, Кытай архивдери, уйгур тилиндеги эскерүүлөр, ошол мезгилде чыккан гезит-журналдардан ("Эркин", "Чыгыш Түркстан жашоосу", "Эгемендик", "Эрк" ж.б.) дагы да терең издеп көрүш керек.
Жыйынтыктап айтканда, Жаныбек казынын тарыхка калтырган кызматын төмөндөгүдөй сүрөттөсөк болот.
Фергана өрөөнүндө жана Алай тоолорунда "басмачылык кыймыл" эки этап менен жүргөн. Биринчи этаптагы (1918-1923-жж.) Кичи жана Чоң Эргеш, Мадаминбек, Калкожо, анжияндык Парпи, Аман палван, Рахманкул, Мойдунбектер 1922-жылга чейин ар кандай жагдайда көз жумушса, Көршермат (Шермухаммед) 1923-жылы Ооганстанга өтүп кеткен. Ал эми: Ади паңсат, Айтмерек, Кайып паңсат, Сатыбалдыжан, Жусупжан, Кошмат, Парпи Өзгөн, Бостанкул сыяктуу корбашылар "басмачылык кыймылдын" экинчи этабына (1927-1932-жж.) гана катышкан. Ал эми Жаныбек казы корбашылардын ичинен бул кыймылдын эки этабында тең активдүү катышкан жалгыз алдыңкы корбашы болуп эсептелет.
Жаныбек казы - эки чөлкөмдө тең Фергана (Орто Азия) жана Шинжаңдагы (Чыгыш Түркстан) азаттык, боштондук, эркиндик, эгемендик үчүн күрөшкөн инсан. Анын атагы жана аброю Фергана, Ооганстан, Кытай жана Пакистанда да таанылган. Бүтүн аскерлерин бошотуп жалгыз кытайлардын колуна түшүп калганына карабастан, камактан чыгары менен айланасына көптөгөн жигиттерди топтой алган. Шинжаңдагы жергиликтүү лидерлерге жол көргөзүп, таасир эткен. 1933-жылдагы аймактын бошотулушунда казынын салымы эбегейсиз.
Жаныбек казынын Пакистанга өтүп кетиши андан кийинки аргасыз калгандарга да жол ачкан. Себеби 1930-жылдардын аягы, 1940-жылдар, 50-жылдардан 80-жылдарга чейинки аралыкта аргасыз калган кыргыздар, уйгурлар, казактар, өзбектер Пакистанга, андан ары башка өлкөлөргө баш калкалашкан.
Дастанбек Разак уулу, тарыхчы (PhD), Стамбул.