Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

АКШнын Сириядагы базаларына Ирак тараптан сокку урулду


Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлер.
Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлер.

Reuters агенттиги Ирактын коопсуздук күчтөрүндөгү эки башка булагына таянып 21-апрелде жазгандай, Ирактын Зуммар шаарынан кеминде беш ракета Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан АКШнын аскердик базасына урулду.

Ушул эле күнү Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед Шиа аль-Судани АКШдан кайткан. Ал Вашингтондо президент Жо Байден менен жолуккан.

Маалыматка караганда, Ирактын коопсуздук күчтөрү кол салгандарды издөө иштерин башташты.

20-апрелдин таңында Ирактагы аскердик базада жардыруу болуп, коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мүрт кеткен.

АКШнын расмий өкүлү окуяны “ишке ашпай калган ракеталык чабуул” деп атап, Америка башында турган коалициянын учагы ракеталар учурулган аппаратты жок кылганын билдирди.

Шиилердин “Катаиб Хезболла” радикал тобуна байланышы бар телеграм-каналда чыккан маалыматка ылайык, үч айлык тыныгуудан кийин Ирактагы топтор чабуулдарын жандантышты. Алар тыныгуу маалында АКШ башында турган аскердик коалициянын санын кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG