Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Кыргызстан Орусиянын суу каптоодон жабыркаган аймагына гумжардам жөнөттү


Кыргызстандын гуманитардык жардамын жүктөгөн автоунаалар. ӨКМ тараткан сүрөт.
Кыргызстандын гуманитардык жардамын жүктөгөн автоунаалар. ӨКМ тараткан сүрөт.

Кыргызстан Орусия Федерациясынын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 20 жүк ташуучу (фура) унаадан турган “Жардам кербени” 2024-жылдын 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу өтөт.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Тамак-аш азыктарынын ичинде ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктар, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер. Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр, кийим-кече топтомуна чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк жана башка нерселер бар.

Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Томск облусундагы Том дарыясында суунун деңгээли төмөндөгөнү менен, Об дарыясында көтөрүлүп жатканы маалым болду.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлгөн.

Кыргызстан коңшу Казакстанга да эки ирет гуманитардык жардам жеткирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG