Ушул айдын башында Amnesty International эл аралык уюму Иранда былтыр соттун өкүмү менен дарга асылгандар көбөйгөнүн билдирген.
Ирандын Адам укуктары уюму, Өлүм жазасына каршы эл аралык комитет өңдүү топтор Ислам жумуриятында өлүм жазасына тартуу, өзгөчө маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн ушундай жогорку жазаны чегерүүнүн масштабына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн глобалдык кампания баштады.
“Маңзатка байланышкан кылмыштарга шек саналгандарды өлүм жазасына өкүм кылуу эл аралык коомчулуктун тиешелүү реакциясын жараткан жок. Алардын күн сайын өлүм жазасына тартылып жатышына маалымат каражаттары үн катпайт. Ушундай шартта Ислам жумурияты мындан үч жыл мурдагыга караганда андай кылмыштар үчүн айыпталгандарды өлүм жазасына өкүм кылууну 18 эсе көбөйттү”, - деп билдиришти укук коргоочу топтор.
4-апрелде Amnesty International эл аралык уюму чыгарган докладда Иранда былтыр 853 киши сот чечими менен өмүрүнөн ажыратылганы айтылган. Алардын кеминде 481и маңзатка байланыштуу кылмыштарга айыпталган.
Жыл башынан 20-мартка чейин 95 киши дарга асылганы маалым болгон. Бирок укук коргоочулар реалдуу сан мындан жогору болушу ыктымал деп айтышат.
“Өлүм жазасы - кандай шартта болбосун жийиркеничтүү көрүнүш. Адилетсиз соттук териштирүүлөрдөн кийин маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн андай жазаны жапырт колдонуу бийликти кыянат пайдаланууга тете”, - деп билдирди уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча аймактык директорунун орун басары Диана Элтахави.
Маалыматка караганда, Иранда өлүм жазасына тартылгандар 2015-жылдан бери мынча көп болгон эмес. Эбрахим Раиси бийликке келген, Голамхосейн Эжеи сот системасынын жетекчиси болуп дайындалган 2021-жылга караганда бул көрсөткүч 172 процентке өстү.
Элтахави кошумчалагандай, Ислам жумуриятынын маңзат менен мындай күрөш жакырчылыктын, адилетсиздиктин жайылышына, азчылыктарды басмырлоонун күчөшүнө алып келүүдө.
Amnesty International “Бизди өлтүрүүгө жол бербегиле” деген баяндамасында Тегеран өкмөтү өлүм жазасын “нааразылык акцияларына чыккандарды, диссиденттерди, кысымга кабылган улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн басуу” үчүн курал катары колдонгонун сындады. Андай куугунтук өзгөчө “Аял. Жашоо. Эркиндик” деген ат менен белгилүү козголоңдон кийин күч алды.
Укук коргоочулар маңзатка каршы күрөшкө шылтоолоп, кенедей мыйзам бузуу үчүн да адамдардын өмүрүнөн ажыратылышына кабатыр болушууда.
Уюм эл аралык коомучулукту Тегеранга кысым көрсөтүп, мындай жогорку жазага мораторий киргиздирүүгө чакырды.
Ислам жумуриятынын бийлиги өлүм жазасын ишке ашыруунун статистикасын жарыялабагандыктан, укук коргоочулар мамлекеттик медиа, адам укуктарын коргогон уюмдар өңдүү ачык булактардан маалымат алып турат. Андыктан алардын айтымында, реалдуу сан мындан ашышы мүмкүн.
Сөз болгон укук коргоочу топтор бул багытта чара көрүлбөсө, маңзатка байланышкан кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу учурлары дагы көбөйөт деп күтсө болорун эскертишет.
Ирандын Адам укуктары уюмунун директору Махмуд Амири-Могхаддамдын айтымында, глобалдык демилге өлүм жазасына күрддөр, белужилер өңдүү улуттук азчылыктардын өкүлдөрү көбүрөөк тартылып жатканын көргөзүүнү максат кылат.
Муну менен катар укук коргоочулар маңзат кылмыштарына айыпталгандардын сот процесстери адилетсиз жүрөрүн, көп учурларда шектүүлөр кыйноо астында күнөөсүн мойнуна аларын белгилешет. Алар көп учурда адвокаттардын кызматын ала алышпайт.
Ислам жумуриятындагы адам укуктарынын абалы тынчсыздануу жаратканын эске алып, жакында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Иран боюнча атайын баяндамачысынын мандатын узартты.