Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

13-апрелдин аба ырайы


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 20…22°.

XS
SM
MD
LG