Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Акылбек Жапаров бала бакчага кабыл алуудагы мүчүлүштүктү жоюуну тапшырды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда учурда 220 миң жеткинчек бала бакчага барат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде мектепке чейинки билим берүү боюнча өткөргөн жыйында айтылды.

Анда 2022-жылы бала бакчалардын саны 6,6% өсүп, 1 миң 712ден 1 миң 834кө көбөйүп, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 26,4% жеткени белгиленген.

Жапаров балдарды бала бакчага кабыл алууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик бюрократиялык жол-жоболордон арылып, бул ишти системалуу жүргүзүшү керектигин кошумчалады. Балдарды өнүктүрүү жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөн долбоорлорду көбөйтүүгө чакырды.

“Биз балдарыбыздын келечегин сиздердин колуңуздарга ишенип тапшырдык. Биздин балдарды тарбиялоодо жаңы ыкмалар жана ыкмалар кандай илгерилеп, ишке ашырылышы сиздерден көз каранды. Балдардын баары таланттуу, бул таланттарды мектепте өнүктүрүү керек. Сиздердин милдетиңиздер - балдардын билимге жана окууга болгон каалоосун ойготуу. STEM предметтерин окутууга өзгөчө көңүл буруңуздар”, — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин былтыр жыл соңундагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Өкмөт бала бакчалар көп салына баштаганын, Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен кыска мөөнөттүү бала бакчалар уюштурулуп жатканын билдирген.

Акылбек Жапаров былтыр 15-декабрда Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайга 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG