Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Зеленский АКШ жардам бербесе, абал оорлой турганын эскертти


Орехов шаары. Запорожье. 5-апрель, 2024-жыл
Орехов шаары. Запорожье. 5-апрель, 2024-жыл

8-апрелде Орусиянын соккусунан Запорожье облусунда бери дегенде үч киши набыт болду, дагы үчөө жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. Украин президенти Владимир Зеленский кырдаал оорлошуп баратканын, АКШ убада кылган 60 млрд доллар өлчөмүндөгү аскердик жардам берилбесе, өлкө жеңилүү коркунучуна кептелиши ыктымал экенин айтты. Өкүлдөр палатасы жардам каражатты бөлүү чечимин былтыркы күздөн бери жактыра албай келатат.

7-апрелде United24 деген топтун алдына сүйлөгөндө Зеленский Украина утулса, башка өлкөлөр да жеңилерин белгиледи.

Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагында жазган постунда украин мамлекет башчысы Батышты абадан коргонуу системалары, анын ичинен Patriot ракеталарын жиберүүгө чакырды. Орусия бир нече убакыттан бери кошуна өлкөнүн шаарларын аткылоону күчөткөн.

Аткылоонун акыркы толкунунда Запорожьеде сегиз конуш бутага алынганын губернатор Иван Федеров Телеграм-каналына жазды.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жериндеги эксперттери “Запорожье АЭСиндеги реакторду коргогон жабдыктын негизги конструкциясына кеминде үч дүрмөт тийгенин” тастыкташкандан кийин агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси катуу эскертүү жасады. Бирок 2022-жылдан бери орус аскерлери көзөмөлдөп турган станцияга ким чабуул койгонун тактаган жок.

Орусиянын “Росатом” компаниясы соккулар үчүн Украинанын айыптады.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматы окуяга тиешеси жоктугун айтып, Орусияны күнөөлөп жатат.

Запорожьеден тышкары Одесса, Николаев, Кировоград, Хмельницкий жана Житомир дрондор менен аткыланганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG