Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Президент Жапаров геология тармагына 1 млрд сом бөлүнөрүн айтты


Кумтөр кени. Архив
Кумтөр кени. Архив

Президент Садыр Жапаров геология тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сом бөлүнүп жатканын, бул мамлекеттин минералдык-сырьёлук базасын толуктоого багытталганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 7-апрель – Кыргызстандын геологдор күнүндө жолдогон куттуктоо катында айтылат.

Анда бул каражат геологиялык илимий-изилдɵɵ иштерин жүргүзүүгө, геофизикалык жана атайын бургулоочу жабдууларды алууга, пайдалуу кендерди издөөгө, чалгындоого жана баалоого, адистерди даярдоого, жаңы кендерди ачууга пайдаланыла турганы жазылган.

Президент ошондой эле 2021-жылдын башында чыгарган “Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыктын негизинде реформалар жана маанилүү иш-чаралар жасалып жатканын, мамлекеттик маанидеги ири кендердин үлүшү толугу менен мамлекеттик ишканаларга берилип жатканын белгилеген.

Геология тармагына бөлүнө турган каражат тууралуу былтыр 5-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтып, 1 миллиард сом "Кыргыз геология" ишканасына берилерин тактаган.

"Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" деп аталган документте бир катар чукул иш-чаралар каралган. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо өңдүү жоболор бар.

2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу, бул кодекс азыркыга чейин кабыл алына элек.

Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500ү изилденген. Учурда 345 кен мамлекеттик баланста турат.

XS
SM
MD
LG