Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Парламентте мектепке электрондук каттоодогу мүчүлүштүк маселеси көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы балдарды мектепке кабыл алуу үчүн электрондук каттоодо техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын 8-апрелде тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ал каттоо башталары менен бир жарым сааттын ичинде ага бир нече ата-эне кайрылганын айтып, министрликти бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

“Техникалык көйгөйдү чечиш керек деп ойлойм. Анткени биз буга биринчи жолу кабылган жокпуз. Жыл сайын мектепке электрондук каттоо жүрө баштаганда ар дайым техникалык үзгүлтүк болуп, ата-энелерге ыңгайсыздык жаратат”, - деди Исатбек кызы.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев каттоодо маселе жаралган учурда ата-энелер 110 номуруна чалып, маалымат алса болорун тактады.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо 8-апрелде башталды. Билим берүү жана илим министрлиги каттоонун биринчи этабында балдарды катталган жери боюнча 2-июнга чейин жүргүзүлөрүн билдирген. Экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болот. Ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу каттайт.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген.

Коомдо mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлтүккө учурап каларын айтып арызданып келишет. Өлкөдө 2 357 мектеп бар.

XS
SM
MD
LG