Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Мексика Эквадор менен дипломатиялык мамилесин токтоторун жарыялады


Эквадордун мурдагы вице-президентин кармоо учуру. Кито. Эквадор. 6-апрель, 2024-жыл.
Эквадордун мурдагы вице-президентин кармоо учуру. Кито. Эквадор. 6-апрель, 2024-жыл.

Мексика Эквадор менен дипломатиялык мамилесин токтоторун жарыялады. Буга Эквадордун полициясы Мексиканын элчилигине кирип, өлкөнүн мурдагы вице-президенти Хорхе Гласты кармап кеткени себеп болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Хорхе Глас коррупцияга байланыштуу эки жолу айыпталган. Былтыр декабрдан бери ал Кито шаарында жайгашкан элчиликте жашынып, саясий башпаанек сурап келген.

Эквадордун өкмөтү кийинчерээк Мексикага кайрылып, элчиликке кирүүгө жана Гласты кармап камакка алууга уруксат берүүсүн сураган. Бирок буга терс жооп алган.

5-апрель күнү Мексиканын өкмөтү Хорхе Гласка саясий башпаанек берүүнү чечкен.

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа Мексиканы "дипломатиялык миссия тарабынан берилген иммунитет жана артыкчылыктардан кыянаттык менен пайдаланууга" жана "укуктук ченемдерге каршы башпаанек берүүгө" айыптады.

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор болсо Эквадордун мурдагы вице-президентин кармоону "авторитардык акт" деп атап, Мексиканын эгемендигин жана эл аралык укуктарын бузууга теңеди. Ал ошондой эле Эквадор менен дипломаттык мамилени токтотууну тапшырды.

Эквадордун мурдагы вице-президенти 2017-жылы курулуш ишканасынан мамлекеттик келишимдерди берүү үчүн пара алууга айыпталып, алты жылга кесилген. 2022-жылдын аягында ал эркиндикке чыккан. 2023-жылы Гласка мамлекеттик казынаны ыксыз чачканы үчүн жаңы кылмыш иши козголгон.

Хорхе Глас мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Википедиянын маалыматына караганда, Эквадор менен Мексика 1830-жылдан бери дипломаттык карым-катышта болуп келген.

XS
SM
MD
LG