Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Президент Жапаров Апрель окуясынын 14 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер Апрель ыңкылабына коюлган эстеликтин жанында. 7-апрель, 2023-жыл. (архивдик сүрөт)
Президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер Апрель ыңкылабына коюлган эстеликтин жанында. 7-апрель, 2023-жыл. (архивдик сүрөт)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 7-апрелде Апрель элдик революциясынын 14 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анда 7-апрель - үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн экенин белгиледи. Ошондой эле бул күнү элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалганын билдирди.

"Тилекке каршы, Апрель элдик революциясы бизге оор жоготуулар менен келди. Өкүмзор бийлик алдына чөгөлөп бербей, өз журтунун келечек тагдыры үчүн өлүмгө тике караган эр-азаматтарыбыздан айрылдык. Апрель элдик революциясы – ɵлкɵдɵ башкы күч эл экенин, кыргыз элинин канында адилеттик, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан да кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экенин далилдеген кандуу окуя катары дүйнө жүзүнө тарап, тарыхыбызга ташка тамга баскандай жазылып калды", - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

Садыр Жапаров мамлекет башына келген кандай гана бийлик болбосун элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө милдеттүү экенин белгилеп, азыркы бийликтин тушунда элдин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгон реформалар жасалып жатканын айтып кеткен. Элдин биримдиги жана өлкөдөгү туруктуулук өлкөнүн өсүшүндөгү негизги фактор экенин белгилеген.

Бүгүн, 7-апрель күнү Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына 14 жыл толду.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен ошондон тарта Беларуста баш калкалап келет. Былтыр мурдагы президентти актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар жанданган. Президент Садыр Жапаров азыркы бийликтин Бакиевдерди актоо ниети жоктугун билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG