Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Бишкекте таштанды полигондору жабылат


Бишкете таштандыны кайра иштете турган заводдун схемасы.
Бишкете таштандыны кайра иштете турган заводдун схемасы.

Бишкекте Кытай өкмөтү менен чогуу таштанды өрттөөчү завод курулат. Ал ишке киргенден кийин шаардын айланасындагы таштанды полигондору жабылат. Бул тууралуу 5-апрелде вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, завод күн сайын 1 тонна таштандыны жок кылууга жарайт.

"Бүгүнкү күндө шаардан бир күндө 1,2 миң тоннага чейин таштанды чыгарылат. Заводдун курулушуна 95 млн доллар сарпталат, полигондун орду - 12 гектар жер каралып жатат. Таштандыны өрттөөдөн ыш чыкпайт, бууга айланат. Завод бара-бара суткасына 2-3 тоннага чейин таштандыны жок кылуу кубатына ээ болот", - деди Шамыралиев.

Вице-мэрдин маалыматына караганда, учурда борбор калааны курчай жайгашкан 20 таштанды полигону бар. Бара-бара алар жабылып, андагы таштандылар заводдо жок кылынат.

Былтыр ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Junxin Environment Protection компаниясынын жетекчиси Да Даокуо (Dai Daoguo) менен таштанды жок кылуучу жана кайра иштетүүчү завод куруу келишимине кол койгон. Заводдун аймагына таштанды өрттөөчү мештер, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоочу системалар, турак жай жана спорт залдар курулары кабарланган.

29-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышкан.

Бишкек шаарындагы таштанды маселеси бир топ жылдан бери эле орчундуу көйгөй болуп келе жатат. Аны чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын колдонууга берүү иштери жүргүзүлөрү жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.

Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсү да чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG