Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:10

Депутат Сокулукта зордуктоого кабылган секелекке басым болуп жатканын айтты


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Сокулук районундагы жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча маселе көтөрүп, укук коргоо органдарынын ишин сындады. Сурабалдиева жашы жете элек кыздын ар кандай басымга кабылып жатканын айтып чыкты.

“Өткөн айда Сокулукта 13 жаштагы кыздын зордукталышын баарыбыз уктук. Ал жерде 9-10 эркек деп жатышат. Эми зордуктагандардын бети жоктугу, милициянын иштебегендиги аз келгенсип, жаш кыздарды алып чыгып “ал кыз өзү тигил жакка, бул жакка барган" деген сөздүн жайылышы биздин калкыбызда, салтыбызда болбошу керек. Прокуратура көзөмөл кылбай кайда карап жатат? 18 жашка чыкпаган кызга 18 жаштан ашкан эркек жолобош керек. Ошол нерсени баарыбыз унутуп калдык”, - деди Сурабалдиева.

20-мартта акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын секелек кызды өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштардагы тогуз эркек зордуктап жүргөнү тууралуу билдирүүсү маалымат каражаттарына чыгып, коомчулукту кызуу талкууну жараткан.

Ошондон кийин Чүй облустук милициясы дароо комментарий берип, зордуктоо боюнча иш бар экенин ырастаган.

Милиция анда факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (“Он алты жашка толо элек балдар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, милицияга алып келингенин, иликтөөнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилерин билдирген.

21-мартта жабырлануучу тараптын жактоочулары зордуктоого шектүү катары эки жаран кармалганын билдирген. Андан бери иштин чоо-жайы тууралуу маалымат бериле элек.

Социалдык тармактарда зордуктоого кабылган секелектин өзүн күнөөлөгөн видеолор, маалыматтар тарап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG