Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Министр Бейшеналиев депутат Коргонбай уулунун айткандарын четке какты


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоолору боюнча “Азаттыкка” комментарий берди.

Министр кадр саясаты, криминал менен байланышы жана үй-мүлкү боюнча депутаттын айткандарын четке кагып, Жусупбек Коргонбай уулунун жакынын жумушка орноштуруу жөнүндөгү суранычын аткарбай койгонун билдирди.

“Мен министр болгондо эле алар текшеришкен. Мен министр болгон 2010-жылга чейин эле үч кабат үй курулган. Ал азыркы кезде мектеп болуп калган. Жанындагы эки бөлмөлүү үйдө аялым экөөбүз жашайбыз. Аялым 4500 долларлык машина айдайт. Меники 6000 долларлык. Чоң уулум Ысык-Көлдө жашайт. Эмне машина айдаганын сураган эмесмин. Сотко бердим, ошол жактан жолугушабыз. Бүгүн айткандарын дагы кошом. Сотто депутат айткандарын далилдеп берсин. Баарын четке кагам”, - деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Бейшеналиевди сотко бергенин жарыялаган. Ал жарым сааттык сөзүндө министрдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, аны коррупциялык иштерге айыптады. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Министрдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган.

Жыйынтыгында Бейшеналиевдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында да министрди "уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Алымкадыр Бейшеналиев муну жалаа деп атап, сотко арыз жазган.

Ал биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган. 2023-жылы сентябрда кайра министр кызматына дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG