Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөнү белгилүү болду


Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.
Кыргызстандын Кемин шаарынын жакасындагы майнинг ферма. 2023-жылдын 22-июлу.

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 2-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат өлкөдө электр жарыгы майнинг фермаларга сатылып жатканын, ушундан улам калкка электр жарыгын берүүдө чектөө киргизилгенин билдирди.

“Сегиз майнинг ферма чакан ГЭСтерден өздөрү түзгөн келишим менен электр жарыгын алат экен. Бизде алар менен түзгөн бир да келишимибиз жок. Кеминдеги “Соларкоин” деген майнинг ферма Орусиядан Казакстан аркылуу транзит менен электр энергиясын алат экен”, - деди Атабек Абылгазиев.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 6-мартта Жогорку Кеңеште “ушул тапта Кыргызстанда бир гана майнинг компания бар экенин, ал электр энергиясын Казакстандан өзү түз сатып алып жатканын” айткан.

7-мартта Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы жөнүндө медиаларга түшүндүрмө берип, казак тарап токту Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине сатарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирген. Кыргызстандын министри мындан соң берген маалыматында Казакстан транзит гана болуп берерин, жеке фирма электр энергиясын Орусиядан алып жатканын билдирген.

2023-жылдын июль айында “Азаттык” радиосу “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип, “жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын” жарыялаган. Ал ушундан улам мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев “Азаттыкка” маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин “Соларкоин” компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ал өз интервьюсунда Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG