Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:55

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусуна жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG