Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Түркия: террордук уюмга мүчө делген келин депортацияланганы кабарланды


Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунун имаратына "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу кол салганын моюнга алган. Буга чейин түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын жазган.
Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунун имаратына "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу кол салганын моюнга алган. Буга чейин түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын жазган.

Стамбул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө делген тажикстандык бир киши жана кыргызстандык келин колго түшкөнү кабарланды. Бул тууралуу 1-апрелде "Ихлас" кабар агенттиги Түркиянын чалгындоо кызматына шилтеме берип маалымат таратты.

Анда Стамбулдун Пендик районунда жертөлөдө жашынып жашаган Фазилжон А. менен Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат. Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Ички иштер министрлигинин Терроризм менен күрөшүү бөлүмү кармалган шектүүлөрдүн Түркиядагы башка адамдар менен байланышы бар же жок экендиги иликтеп жатканы да кабарланды. Эки шектүү тең полициядагы сурак аяктагандан кийин сотко өткөрүлгөн. Тажикстандык киши камакка алынып, кыргызстандык келин депортацияланганы айтылууда.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кармалган аялдын жарандыгы тууралуу маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

26-мартта Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая 33 провинцияда жүргүзүлгөн атайын операция алкагында “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна байланышы бар деп шектелген 147 киши кармалганын билдирген. Ал тараткан маалыматка караганда, "Боздоган-17" деп аталган рейд бир эле убакта бүткүл өлкө боюнча өткөрүлгөн.

Жыл башында Cтамбул шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун эки согушкери бир жаранды өлтүрүп кеткени маалым болгон. Эки шектүү тең кармалганын полиция билдирген. Ал эми Йерликая алардын бири орусиялык, экинчиси тажикстандык экенин маалымдаган.

Буга чейин түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын, бул Анкараны кыжалат кылганын жазган.

Түрк полициясы соңку жылдары Түркияда "Ислам мамлекетине" мүчө деп ондогон борбор азиялыктарды да депортациялаганын кабарлап келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG