Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:03

Мамлекеттик кызматкерлердин саясий партияга кирүүсүнө тыюу салынды


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундары жөнүндө жарлыкка кол койду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапапов 1-апрелде кол койгон жарлык мамлекеттик атайын жана саясий кызматкерлердин кесиптик макамын жөнгө салууну көздөйт. Ага ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызматкерлер саясий партиялардын катарына кирүүгө укуксуз. Ошондой эле байкоочу, камкорчу кеңештердин жана башка бейөкмөт уюмдардын башкаруучу органдарына мүчө боло албайт.

Жарлыкта: "Эгерде кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаса, эмгек тартибин, эмгек мыйзамдарын, антты бузса, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге байланыштуу чектөөлөрдү сактабаса, аны кызмат ордуна дайындаган адамдарга тиешелүү тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн. Кылмышка шектелип кызматынан бошотулган кызматкерлер мыйзамда белгиленген мөөнөттө мамлекеттик кызматка иштей албайт", - деп жазылган.

Ошол эле учурда жарлыкка ылайык, атайын мамлекеттик жана саясий кызматта иштеген кызматкерлер Кыргызстандын "Эмгек кодекси" менен корголгон бардык укуктарынан пайдаланууга, акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгууга укуктуу. Башка жерге кызматка которулган учурда ал жакка көчүп барууга жана убактылуу турак-жайга сарптаган чыгымынын орду толтурулат. Мындан тышкары аларга мыйзамдарда каралган башка компенсациялар, анын ичинен өзгөчө татаал шарттарда, майрам жана дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн акчалай сыйлыктар да жайылтылат.
Эгер кызматкер өзүнүн кызматтык иши менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калса, беш жүз миң сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт. Эгер өлтүрүлсө же кесиптик оорудан же мертинүүдөн улам каза болуп калса, анын үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт.

Эгер кызматкер мамлекеттик органдын жоюлушуна, кайра уюштурулушуна же штаттын кыскарышына байланыштуу кызмат ордунан бошотулса, үч орточо айлык акысынын өлчөмүндө компенсация алат, башка ишке өтсө, компенсация төлөнбөйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG