Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:57

Бишкекте "Менин саламаттыгым - менин укугум" деп аталган жарыш өтөт


Жөө күлүктөр жарышы. Иллюстрациялык сүрөт.
Жөө күлүктөр жарышы. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк Саламаттык күнүн утурлай Бишкекте "Менин саламаттыгым - менин укугум" деп аталган жарыш уюштурулууда. Ага ден соолугун башкы орунга койгон бардык жарандар катышып, чуркай алышат.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, иш-чарага президент Садыр Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, спортчулар катышат.

Жарыш 6-апрелде саат 10:00дө Жайыл баатыр көчөсүндөгү "Газпром" дене тарбия борборунан башталат.

Аны Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурууда.

Бишкектеги иш-чара бир жума бою жалпы өлкөдө өтүүчү "Ден соолук кербени" деп аталган жарыштын башталышы болмокчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG