Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Орусияда 1-апрелде жол кыймылы тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына 2024-жылдын 1-апрелинен баштап “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилгенин эске салды.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, кыргыз жарандарынын Орусияда жашап турууга уруксат же ал өлкөнүн жарандыгын алгандан күндөн тартып бир жылдан кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү бул өлкөдө жараксыз деп табылат.

2024-жылдын 1-апрелине чейин жашап турууга уруксат же Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү 2025-жылдын 1-апрелине чейин жарактуу деп эсептелет.

Элчилик бул категориядагы адамдарга кыргыз айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте сынаксыз берүү каралганын маалымдады.

Ал эми 2024-жылдын 1-апрелинен кийин жашап турууга уруксат же Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктарга Орусиянын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү теориялык экзаменден өткөндөн кийин берилет.

“Жашап турууга уруксаты же Орусиянын жарандыгы жок, транспорт каражаттарын башкаруу менен түздөн-түз байланыштуу ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн Орусиянын айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу талап кылынбайт”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

2023-жылдын декабрында Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары кыргызстандык такси айдоочуларга байланыштуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алары белгилүү болгон. Орусиялык депутаттар буга чейин Кыргыз Республикасында айдоочулук күбөлүк алып, Орусия Федерациясынын аймагында такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салууну көздөп жаткан.

Буга чейинки расмий маалыматтарда Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылган. Ал жакта такси кызматтарында иштеген кыргыздар көп экени айтылып келет.

Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февралынан кийин мигранттардын көбү Батышка, АКШга оогон. (TSh)

XS
SM
MD
LG