Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:22

Украина 13 жанкечти дрондун ону атып түшүрүлгөнүн билдирди


Украин аскерлери. Архивдик сүрөт.
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт.

Украинанын Башкы штабы 27-мартка караган түнү Орусия учурган 13 Shahed учкучсуз учагынын 10у атып түшүрүлгөнүн билдирди. Жанкечти дрондор Сумы, Харьков жана Полтава облустарында кармалды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Штабдын соңку маалыматына караганда, фронттогу абал олуттуу өзгөрүүсүз турат. Орус армиясы Украинанын түндүктөгү коргонуу күчтөрүнө каршы, Купянск жана Лиман багыттарында, Бахмут жакта, Авдеевканын батыш тарабында жана түштүк фронттун айрым аймактарында чабуулдарын улантууда.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG