Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Түркияда ИМ тобуна тиешеси бар деген негизде 147 киши кармалды


"Ислам мамлекети" радикал тобуна тиешеси бар делген эки жаранды кармап бараткан коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. Адана. 10-ноябрь, 2017-жыл.
"Ислам мамлекети" радикал тобуна тиешеси бар делген эки жаранды кармап бараткан коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. Адана. 10-ноябрь, 2017-жыл.

Түркиянын бийлиги билдиргендей, 33 провинцияда жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна байланышы бар деп шектелген 147 киши кармалды. Бул тууралуу ички иштер министри Али Йерликая Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Твиттер) 26-мартта жазды. Ал тараткан маалыматка караганда, "Боздоган-17" деп аталган рейд бир убакта бүткүл өлкө боюнча өткөрүлгөн.

"2023-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 23-мартына чейин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы жалпысынан 1316 операция уюштурдук. Анын жүрүшүндө 2733 шектүү кармалды. Алардын ичинен 692си камакка алынды. 529уна соттук көзөмөл чечими чыгарылды", - деп кошумчалады Йерликая.

Өткөн айда Cтамбул шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө “Ислам мамлекети” террордук тобунун эки согушкери бир жаранды өлтүрүп кеткени маалым болгон. Эки шектүү тең кармалганын полиция билдирген. Ал эми Йерликая алардын бири орусиялык, экинчиси тажикстандык экенин маалымдаган.

Буга чейин түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири Орусияга Түркиядан барганын, бул Анкараны кыжаалат кылганын жазган.

Түрк полициясы соңку жылдары Түркияда "Ислам мамлекетине" мүчө деп ондогон борбор азиялыктарды да депортациялаганын кабарлап келет.

Былтыр жайында Стамбулда радикал топтун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири тажикстандык Шамил Хукуматов камалган. Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысымы менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген.

XS
SM
MD
LG