Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:37

Мадумаровдун соту: судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти


Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров жана анын сотуна көрсөтмө бериш үчүн келген саясатчылар. 1-февраль, 2024-жыл.

Бүгүн, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралууда. Анда Мадумаров жана жактоочулар сүйлөдү. Сот жабык болуп жаткандыктан, башка маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, ушул тапта судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

19-марттагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталган. Прокурор соттон Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирген. Мамлекеттик айыптоочулар азырынча комментарий берген эмес.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мадумаровду 2023-жылы 2-сентябрда Бишкекте жашы жете элек уулунун көзүнчө милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG