Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Москвада журналист Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтү узартылды


The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович сотто. Москва. 14-декабрь, 2024-жыл.
The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович сотто. Москва. 14-декабрь, 2024-жыл.

Москва шаардык соту америкалык журналист Эван Гершковичтин камактагы мөөнөтүн 30-июнга чейин узартты. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы билдирди.

Америкалык The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы 2023-жылдын мартында Екатеринбургда кармалган. Федералдык коопсуздук кызматынын версиясы боюнча, ал "америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердүүлүгү жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөн".

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты "күлкү келерлик" деп атаса, өлкө президенти Жо Байден анын кармалышын "таптакыр мыйзамга туура келбеге" деп баалаган. Эгер Гершковичтин күнөөсү далилденсе, ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Орусияда тыңчылыкка айыпталып Гершковичтен тышкары дагы бир америкалык жаран, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан камакта отурат. Ал да орус тарап таккан айыпты саясий мүнөзгө ээ деп, четке кагып келет.

АКШнын дагы бир жараны, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы, орус жарандыгы бар Алсу Курмашева бир нече айдан бери Казан шаарындагы камакта кармалууда. Кошмо Штаттар жана радио ал журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатканын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG