Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

ХАМАСтын лидери Тегеранда Ирандын жетекчилери менен жолугушат


ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) радикал уюмунун политбюросунун лилери Исмаил Хания Бейруттагы маалымат жыйында. 22-июнь, 2022-жыл. Ливан.
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) радикал уюмунун политбюросунун лилери Исмаил Хания Бейруттагы маалымат жыйында. 22-июнь, 2022-жыл. Ливан.

Ирандын маалымат каражаттары жазгандай, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюмдардын тизмесине кирген) уюмунун саясий бюросунун жетекчиси Тегеранга 26-мартта барып, жогорку деңгээлдеги расмий адамдар менен жолугууну көздөп жатат.

IRNА расмий маалымат агенттиги кабарлагандай, Катарда жашаган Исмаил Хания Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан менен да жолугары кабарланды.

25-марттын кечинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алган.

Ирандык маалымат каражаттары атын атабаган саясий эксперттерге таянып, Ханиянын сапары маанилүү экенин жазышууда.

Бул Ханиянын Газада согуш башталганы Тегеранга жасаган экинчи сапары. Буга чейин ал былтыр ноябрдын башында Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи менен жолуккан.

Иран ХАМАСка туруктуу колдоо көрсөтүп, 7-октябрдагы Израилге кол салуусун жогору баалаган. Ошону менен катар расмий Тегеран 1200 кишинин өмүрүн алган ал кол салууга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Ошол кол салууда хамасчылар 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Алардын айрымдары буга чейин ок атышууну токтотуу жараянынын алкагында бошотулган.

Израилдин армиясы ошондон бери Газа тилкесинде аскердик операциясын жүргүзүп, абадан сокку уруп келет. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы 31 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG