Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

Москва: теги кыргызстандык киши шектүүлөргө байланышы бар деп кармалды


Москванын Басман райондук сотунун жанында турган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. 24-март, 2024-жыл.
Москванын Басман райондук сотунун жанында турган коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. 24-март, 2024-жыл.

Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити" борборундагы кол салууга шектүүлөргө байланышы бар деген негизде сегизинчи кишини камакка алууну соттон өтүндү. Бул тууралуу 26-мартта Москванын Басман райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы Алишер Касимов кол салууга шек саналып кармалгандардын бири Шамсиддин Фаридунге батирин ижарага берген болушу мүмкүн.

Касимов - теги кыргызстандык Орусиянын жараны. Ал Красногорск шаарында турат, үч баласы бар. Бир тууганы менен чайкана иштетет. Сотто Касимов Фаридундин террорчулукка байланышы бар экенин билбегенин, батирин “Авито” сервиси аркылуу ижарага берип жүргөнүн айтты.

24-марттын кечинде Басман райондук соту терактты ишке ашырууга шек саналган төрт кишини эки айга камакка алган. 25-мартта дагы үч шектүү кармалган. Алар: кол салууга шектүүлөр колдонгон “Рено” автоунаасынын акыркы ээси Диловар Исломов, анын атасы жана бир тууганы.

Исломов машинесин аялынын агасына сатып жибергенин, кийин аны шектүүлөр колдонгонун билгенде таң калганын айтып берген.

Акыркы маалыматка, 22-марттын кечиндеги кандуу калабада каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды.

Урандыларды тазалоо, жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Федералдык коопсуздук кызматы кандуу окуяга шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG