Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

ТИМ Шереметьеводо 30дай кыргызстандык кармалып турганын билдирди


"Шереметьево" аэропортунун эл аралык терминалы.
"Шереметьево" аэропортунун эл аралык терминалы.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын 25-30дай жараны кармалып турганын "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, алар Кыргызстанга кайра кетүүнү күтүп жатышат. Алар 24-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин учуп барып, топтолгон жарандар. Мекеменин маалыматына ылайык, арасында сегиз жаран кайра Кыргызстанга учуп келди. Калгандары авиа каттамдардагы бош орундарды күтүп атат.

"Дээрлик бардыгы Орусиянын аймагында мурда жүргөн мезгилде административдик эреже, мыйзамдарды бузуп, "кара тизмеге" кирип калгандар, кээ бирлери “Орусиянын коомдук коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн” деген себептер менен кире албай турушат", - деп белгиленген маалыматта.

ТИМ Москвадагы элчилик аба майданда кармалып турган жарандарды кайра Кыргызстанга кетирүү боюнча "Аэрофлот" компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Орусияга расмий кайрылуу жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Крокус Сити Холл” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеме Орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөнүн кошумчалаган.

22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Урандыларды тазалоо, жоголгондорду издөө иштери уланып жатат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгон 139 кишинин 70ке жакынынын тек-жайы такталды. 190дой киши жараат алды.

Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын” маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды, алар эки айга камакка алынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG