Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт


Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 27-мартта түнкүсүн Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жалал-Абаддын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Бишкекте кечке маал бир аз жаан жаашы ыктымал. Күндүз жана түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG