Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Путин "Крокуска" кол салууну дагы Украинага байланыштырды


Владмир Путин. Архивдик сүрөт.
Владмир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-марттагы жыйында Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлдогу" кол салууну Украина менен байланыштырды. Анын айткандарына караганда, тергөөнүн бул версияга байланыштуу далилдери жок. Жыйында кол салуудан каза болгондордун саны 139га жеткени айтылды.

"Биз кылмыш радикал исламчылардын колу менен жасалганын билебиз... Бирок АКШ өзүнүн сателлит жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүн Москвадагы теракта Киевдин изи жок экенине, кан төгүлгөн теракты Орусияда тыюу салынган "ИМ" тобу жасаганына ишендирүүгө аракет кылганын көрүп жатабыз. Орусияга жана анын элине бул мыкаачылык кимдин колу менен жасалганын билебиз. Бизге буюртма берген тарап кызык", - деген Путин.

Путин бул кол салуу Орусия менен согушуп жаткандардын "неонацисттик Киев режиминин колу менен" жасалган чабуулдардын "бир гана коңгуроосу болушу мүмкүн" экенин айтты. Орус президенти кимди айтып жатканын тактаган жок. Буга чейин ал согуштун башталышы үчүн “жамааттык Батышты” күнөөлөгөн.

Путин кылмышка ким буйрук берген деген суроого тергөө жооп бериши керектигин айтты. Радикал топ Орусияга кол салууга эмне үчүн кызыкдар экенин жана эмне үчүн алар "бардык мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында оор зулумдуктарды жана кылмыштарды жасоого барган" себебин аныктоону буйруду.

Буга чейин орус президенти дээрлик бир суткадан кийин видео кайрылуу менен чыгып, окуяны “даярдалган жапырт адам өлтүрүү” деп атады, Москвада жана башка аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары Украинаны көздөй баратканда кармалганын билдирген. Аларга чек арадан коопсуз өткөрүү убадасы берилгени айтылган, бирок бул кандайдыр бир аргументтер менен далилдеген эмес.

Украинанын эч тиешеси жок экенин бул өлкөнүн расмий адамдары дароо билдиришкен. Путиндин кайрылуусунан кийин украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын башчысынын реакциясы күтүлгөндөй эле болгонун белгилеп, ал “канткенде күнөөнү Украинага оодарсам деп бир күн ойлонуп отурду” деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG