Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

АКШ Пакистандагы шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууга чакырды


Дональд Лу. Архивдик сүрөт.
Дональд Лу. Архивдик сүрөт.

Эгер расмий Исламабад соңку парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтеп чыкпаса жана зарыл болсо кайра шайлоо өткөрбөсө АКШнын Пакистан менен алакасы начарлашы ыктымал экенин Кошмо Штаттардын Түштүк жана Борбор Азия боюнча башкы дипломаты Дональд Лу билдирди.

20-мартта Конгресстин Өкүлдөр палатасында сүйлөп жатып Лу АКШда 8-февралда Пакистанда өткөн шайлоого жана бул өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишиндеги тоскоолдуктарга байланыштуу «олуттуу тынчсыздануу» жаралып жатканын, эгерде шайлоо комиссиясы добуш берүү учурундагы кийлигишүү жана мыйзам бузуу тууралуу маалыматты негиздүү деп тапса шайлоону кайра өткөрүү туура болорун айтты.

«Эгер Пакистанда өзүнүн Конституциясын коргогон демократиялык процесс болбосо, бул биздин ортодогу алака үчүн тоскоолдук жаратышы мүмкүн», - деди АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу.

Пакистандын парламентинин төмөнкү палатасынын жаңы шайланган курамы 29-февралда ант берип, ишине киришкен. Оппозиция бир топ мыйзам бузуу менен коштолгонун айткан шайлоо 8-февралда өткөн. Бул өнөктүктүн жыйынтыгына каршы бир катар нааразылык акциялары уюштурулган.

44 партия катышкан шайлоодо көпчүлүктүн добушун ала албай калган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто-Зардари жетектеген “Пакистан элдик партиясы» жана башка бир нече майда партия менен биригип, өлкөнү башкара турган коалиция түзүп, өкмөттү жетектей баштаган.

Аталган эки партия тең 2022-жылы ошол кездеги премьер-министр Имран Ханды кызматтан кетирүүгө биргелешип катышкан.

Азыр абакта отурган мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын “Адилеттик үчүн кыймыл” партиясынын колдоосуна таянган өз алдынча аттанган талапкерлер бул шайлоодо добуштардын көбүнө ээ болушту, бирок азыраак добуш алган башка партиялар “Пакистан элдик партиясы» менен биригип, коалиция түзүп, өкмөттү куроо жана башкаруу укугун алышты.

Коррупциядан тартып мыйзамсыз үйлөнгөн деген бир нече айып тагылып, 31 жылга түрмөгө кесилген Хандын партиясы шайлоо бюллетендеринен чийилип салынган.

28-февралда аталган партия Эл аралык валюта фондуна кайрылып, Пакистанга мындан аркы каржылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алар алдында соңку шайлоо боюнча аудит жүргүзүүгө чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG