Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Нобель сыйлыгынын лауреаттары Беларустагы саясий туткундарды бошотууга үндөштү


Шайлоону утурлай Беларуста күч кызматкерлери добушканаларда машыгуу өткөрүшкөн.
Шайлоону утурлай Беларуста күч кызматкерлери добушканаларда машыгуу өткөрүшкөн.

Нобель сыйлыгынын жыйырмадан ашуун лауреаты Беларустагы саясий туткундарды эркиндикке чыгаруу үчүн чукул чара көрүүгө чакырышты. 20-мартта алардын Европа Биримдигинин лидерлерине жолдогон ачык катын социалдык түйүндөргө белорус оппозиционер активисти Дмитрий Болкунец жарыялады.

Катка кол койгондор арасында Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын төрт лауреаты, алардын арасында Орусиядан Дмитрий Муратов жана Украинадан Александра Матвийчук, Адабият сыйлыгынын үч лауреаты, арасында белорус жазуучусу Светлана Алексиевич, мындан тышкары башка да тармактар боюнча Нобель сыйлыгын алган 19 киши бар.

"Европа соңку он жылдыктарда Беларуста болуп жаткан саясий репрессиянын масштабындай гуманитардык катастрофаны көрө элек болчу", - деп айтылды катта.

Соңку төрт жылда эле, катта белгиленгендей, Беларуста саясий куугунтукка 50 миңден ашуун адам кабылды, жүз миңдеген адам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду, миңдеген адам кыйноого кабылды, алардын арасында жүздөгөн журналист, профессор, педагог, дарыгер, музыкант, жумушчу, студент, коомдук ишмер, укук коргоочу жана Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алесь Беляцкий да бар.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG