Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:40

Орусияда кен казган 13 жумушчу уранды астында калды


Алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Амур облусунда тоо-металлургия комбинатынын алтын кен чыга турган тилкесинде уранды астында калган кенчилер менен байланыш түзүү аракетинен майнап чыкпай жатканын бүгүн 19-мартта облус губернатору Василий Орлов билдирди.

Уранды астында калгандар 13 жумушчу, алар тирүү экени, анткени шахтага аба кирип жатканы маалымдалды.

Амур облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шахтанын урашына байланыштуу «жумуш учурунда коопсуздук техникасы сакталган эмес» деген негизде кылмыш иши козголуп, териштирүү жүргүзүлө баштады.

Орловдун айтымында, жабыркагандардын баары башка аймактардан келген, вахталык тартипте иштеп жаткан жумушчулар.

Кырсык 18-августтун кечинде Орусиянын алтын казып алуучу ири ишканаларынын бири катары белгилүү "Пионер" кенинде болгон. Тоо тек урап, жумушчулар ичинде калган.

XS
SM
MD
LG