Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Рамштайн форматындагы кезектеги жолугушуусу башталууда


Ллойд Остин.
Ллойд Остин.

Бүгүн 19-мартта Германиядагы америкалык Рамштайн авиабазасында Украинанын союздаш өлкөлөрүнүн кезектеги жолугушуусу башталууда. АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин төрагалыгы менен өтө турган жыйында Украинага аскердик жардам маселеси талкууланат.

Бүгүнкү жолугушуу АКШ Конгрессинде Украинага 60 миллиард долларлык жардам тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынбай келаткан шартта өтүүдө. Аны Сенат жактырган, бирок Өкүлдөр палатасынын колдоосуна ээ боло элек.

«Рамштайн форматы» деген аталышка ээ болгон Украина боюнча топтун (UDCG) курамына 50 чакты өлкө кирет.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG