Ансыз да Бишкекте эки жылдан бери жалгыз сейил бактан башка жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Ортодо түрдүү маселелер боюнча чогулууга, анын ичинен онлайн акция өткөрүүгө аракет кылгандар да кармалган.
Кезектеги эскертүү
Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги интервьюсунда негизинен Кемпир-Абад иши жана экс-бажычы Райымбек Матраимовдун иши тууралуу комментарий берди.
Мунун алдында “кемпир-абадчылардын” айрымдарынын жакындары аларды бошотуу талабы менен акцияларга чыкса, анын артынан “Матраимов митингдерди каржылаганы жатыптыр” деген каңшаар тараган.
Журналист Медербек Шерметалиевдин “ушул жагдайдын фонунда нааразылык акциялары уланып, өлкө митингдердин кучагында калбайбы?” деген суроосуна Садыр Жапаров минтип жооп берген:
“Митингдерден коркпойбуз. Жеке кызыкчылыктарын ишке ашырыш үчүн митингге чыккандарды көрүп, качып же жашынып отуруп алчу мен эмесмин. Эгер мен мамлекетти тоноп, жакындарымды майлуу жерге коюп, мамлекетти кризистин сазына батырып атсам, корксом болот эле. Тескерисинче, командам менен күнү-түнү дебей кара жаныбызды карч уруп иштеп жатабыз. Кекиртегинен сазга баткан мамлекетти эми араң саздан сууруп чыктык. Бажы, салык системасындагы уурулукту жоюп, бюджетти дээрлик үч эсеге жакын көтөрдүк. Болбосо азыркыдай өнүгүүнү бул жакка коёлу, 2020-жылы эле чет жактардан кредит алып, эмгек акы менен пенсия, жөлөк пулдарды жапкан акыбалга келип калбадык беле. “Сырткы карыздан кантип кутулабыз?” деген курч көйгөйдү эле талкуулап калбадык беле. Же эс тутумубуз ушунча кыскабы? Эгер “мурдагыдай уурдап эле жашаган заманыбыз жакшы экен” деп митингге чыккандар болсо, башынан сылап олтурбайбыз. Жооп катуу болот. Анткени "наше дело правое". Элдин көпчүлүк бөлүгү аларды колдобойт. Бизди колдойт. Көпчүлүккө баш ийиш керек”, – деди анда президент.
Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Мурда коррупцияга байланыштуу соттолуп, айыппул төлөп чыккан экс-бажычыга бул ирет Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып тагылган.
Мунун артынан Жогорку Кеңеште Матраимов менен мамилеси болгону айтылган төрт депутат: бир тууган агасы Искендер Матраимов, экс-бажычылар Абдувахаб Боронбаев, Нурлан Ражабалиев жана ишкер Айбек Осмонов мандатын тапшырган.
Ортодо Бишкектин административдик соту Матраимовго байланышы бар деп айтылган Шайлообек Атазовдун депутаттык мандатын жокко чыгарган. Мунун артынан социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Атазов экс-бажычынын колдоосу менен митингдерди уюштурууга камынып жатканын жазышкан. Депутат өзү парламенттеги билдирүүсүндө муну төгүндөдү.
Ал эми кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 10у тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.
Бул иш боюнча айыпталгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен мурда да митингдерди өткөрүшкөн. Акыркы ирет 10-мартта Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында акцияларга чыгышкан.
Президенттин соңку сөзү мына ушул топтун өкүлдөрүнө багытталганы менен, коомчулукта ал жалпы эле тургундарга эскертүү сыяктуу кабылданууда.
Саясатчы Мавлян Аскарбеков мамлекет башчы бийликке келе элек мезгилде өзү да митингдерди өткөргөнүн эске салып, президентти тынч акцияларга бөгөт койбоого чакырды:
“Тилекке каршы, бардык президенттер ушул риториканы карманып келген. Биз аны жакшы билебиз, эсибизде. Чынын айтканда, Садыр Жапаров президент болгондо сөз эркиндиги, демократия, калыстык, адилеттик болот деп күткөнбүз. Анткени ал өзү мурдагы бийликтердин тушунда куугунтук көргөн. Аны өзү да бир нече жолу айтып, "менин тушумда куугунтук болбойт" деген. Болбосо Садыр Жапаров деле эл ичинде жүргөндө кайсы бир маселелер боюнча митингдерди өткөргөн. Кийин ал түрмөдө отурган маалда митингдер өткөн, жеке мен өзүм да ошол митингдерге катышкам. Жапаровдун балдарынын, үй-бүлөсүнүн укуктарын укук коргоочулар коргоп, журналисттер жазып келген. Ошондуктан эми митингдерге байланыштуу мындай кептин айтылышын түшүнбөй турам. Мүмкүн, анын жанындагы кишилер, кеңешчилери ушундай жолду көргөзүп, кеңеш берип жатышабы, билбейм. Борбор Азияда жалгыз Кыргызстан - демократиялык жол менен кетип бараткан өлкө. Ошондуктан мен Садыр мырзага кайрылып, биздин ушул өзгөчөлүктү сактап, эркиндикке, сөз эркиндигине, адамдардын митинг өткөрүү укугуна чек койбой, укуктарын камсыздап берүүсүн өтүнөт элем. Митингдерден коркпош керек. Каалаганы өткөрө берсин. Конструктивдүү жана мыйзам чегинде өткөрүшсө болду. Күч кызматтары ким болбосун митингге чыккандардын коопсуздугун карап, талаптарын айткан соң тарап кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бериш керек. Ансыз да акыркы изилдөөлөрдө бүгүнкү бийликтин рейтинги жогору болуп келатат. Ошондуктан мындай нерселерден чочулоого негиз жок”.
Айткандай эле, азыркы президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев депутат болуп турган учурунда, 2012-жылы октябрда Кумтөр кенин улутташтырууга байланыштуу митингдерди өткөрүшкөнү белгилүү. Ага байланыштуу камалган учурда тарапташтары Бишкекте жана аймактарда көптөгөн нааразылык акцияларын уюштурушкан.
Садыр Жапаров камактан чыкан соң бир нече жыл чет жакта жүрүп, 2017-жылы өлкөгө кайтып келгенде кайра камалган. Ошондо кыргыз-казак чек арасында митинг болуп, кийин камакта жаткан кезде да аны жактаган акциялар өтүп турган.
Митингдер жана кармалгандар
Мурдагы президенттердин тушунда бул акцияларга жана башка митинг-пикеттерге мамиле бир кылка болгон эмес. Өзгөчө биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда, 2002-жылы Аксы окуяларында нааразылыкка чыккандар атылып, кийин ал 2005-жылы төңкөрүшкө алып келген. Анда президенттикке келген Курманбек Бакиевдин бийлиги 2010-жылы өзүн кызматтан кетирүүгө аракет кылган жарандарга ок чыгарып, ондогон адамдардын өмүрү кыйылган.
Убактылуу Өкмөттүн, кийин үчүнчү президент Роза Отунбаеванын бийлиги кыска убакытка гана созулганы менен, ал тушта деле түрдүү митингдер өтүп турду. Төртүнчү президент Алмазбек Атамбаев менен бешинчи президент Сооронбай Жээнбековдун кезинде да түрдүү жыйындарга чогулгандар кармалган учурлары болгон.
2020-жылы шайлоодогу митингдердин шарапаты менен бийликке келген Садыр Жапаров 2021-жылы президент болуп шайлангандан кийин митингдерге мамиле ушул сыяктуу болду. Алгач, ошол эле 2021-жылы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймыл уюштуруп, анча-мынча жыйындарды өткөргөн Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен ишкер Илгиз Шаменов (Сарылдык уулу) кармалган. Кудайберген уулу кийин өлкөдөн сыртка чыгып кетсе, Шаменов Кемпир-Абад иши боюнча камалган.
2022-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун бир катар жерлеринде тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизип, ал улам-улам узартылып келет. Дээрлик эки жыл болду. Чечим ушул күндөрү да күчүндө. Аймактарда, бир нече райондордо да ушундай чечим бар.
Ырас, баш калаада Горький эс алуу багында митинг өткөрүүгө уруксат берилген. Акциялар ошол жерде өтүп келатат, бирок айрым учурларда анда да митинг өткөргөндөргө чара көрүлдү. Айталы, Украинага тилектештик көрсөтүп акцияга чогулгандар кармалып, чыккан.
Мындан сырткары мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков жана аскерлердин маселесин көтөрүп чыккан укук коргоочу Анвар Сартаев так ушул Горький паркында митинг уюштурууну көздөгөнү үчүн кармалышкан. Ошол эле отуздай “кемпирабадчы” дагы Өзгөндө нааразылык акциясына катышкандан кийин кармалып жатат.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” берген комментарийинде Конституцияда жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда митинг өткөрүүгө уруксат берилгенин белгиледи.
Баш мыйзамдын 34-беренесинде “Ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу” жана “тынч чогулуш өткөрүүнү камсыздоо максатында ар ким бийлик органдарына билдирме берүүгө укуктуу” деп жазылган. Ошол эле беренеде тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу жана чектөө салынбай турганы жазылган.
“Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда митингдерди өткөрүү жол-жобосу, жыйналган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу жоболор чечмеленген. "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" деп аталган мыйзам 2002-жылы кабыл алынып, 2008-жылы кайрадан жаңыланган. 2012-жылы мыйзам “Тынч чогулуштар жөнүндө” деп өзгөртүлгөн жана азыр күчүндө.
“Конституцияда адамдардын чогулуусуна толук уруксат берилген. Мыйзамда митингдин катышуучуларынын, укук коргоо кызматкерлеринин жана башкалардын ролу, милдеттери бүт такталып жазылган. Тынч өтсө эле баарына уруксат бар, жарандар маалымдабай туруп эле митинг өткөрө берсе болот. Маалымдоо болгону коопсуздукту сактоо үчүн гана каралган. Анткени карама-каршы пикирдеги митингчилер кагылышып кетпеши керек. Бийлик “эгер митингдерге чыкпагыла” деген позицияда болсо, анда Баш мыйзамды өзгөртүшсүн да, тиешелүү мыйзамды жоюп салышсын. Ансыз деле президенттин айтканы айткан, дегени деген болуп жатат. Негизи биз “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамды 2002-жылкы Аксы окуяларынан кийин, бийликтен талап кылып жатып кабыл алууга жетишкенбиз. Себеби ага чейинки мыйзам-токтомдордо “пикет, митинг, демонстрацияларга катышкан адамдарга курал колдоно алат” деген ченемдер болгон экен. Буга байланыштуу эч кандай мыйзам жок экен. Азыр кеп болуп жаткан мыйзамды жоюп салышса, мына ошол мезгилге кайтып барабыз. Азыркы бийлик тилегине жетет”, – деди Азиза Абдирасулова.
2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев өлкөдө ыңкылап уюштурууну каалаган күчтөрдүн "күлү көккө сапырыла" турганын эскерткен. Ошондо да бул билдирүү түрдүү талкууларды жараткан.
Ага чейинки жана кийинки интервьюларында президент Садыр Жапаров бийликти сындагандар болушу керектигин белгилеп, бирок ошол эле учурда аларды такталбаган маалыматтарды таратып жатканы үчүн сындаган. Ал өз билдирүүлөрүндө “элди көтөрөбүз, революция кылабыз” деген күчтөр бар экенин, бирок бийлик ага жол бербей турганын айтып келет.
Жапаров камакта жаткан маалда “Саясий туткундарды бошотуу” комитетин жетектеген саясатчы Сапар Аргынбаев бул маселе жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:
“Мурдагы митингдерде деле жарандар негизи тынч жыйын өткөрүп эле кетүү максатын көздөшчү. Бирок бийлик өкүлдөрү өздөрү алардын талабын укпай, же тескерисинче, күч кызматкерлери өздөрү чагым жасап, кандайдыр бир кагылыштар же тирешүүлөр болуп турчу. Мурдагы бийлик ошондой чагымдар менен коркутса, бул бийлик ачыктан-ачык эле коркутканга өттү. Бирок элдин баары эле коркуп калбайт. Баарын эле тыйып, баарына эле чектөө коё бергенге болбойт. Эгер элге керек болсо, эл кааласа, тыюу салса деле чыга берет. Ага жеткирбеш керек. Андан көрө бийлик тегерегиндегилерди тазалап, элге берген убадаларын аткарсын. Ооба, бир топ алгылыктуу иштерди кылып жатат. Бирок көп суроолорго жооп бербей жатышат. Жасалып жаткан иштердин акчасы каяктан келип жатканы же Кумтөрдүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды бербей келет. Ошол эле кенди мамлекетке алып жатканда деле “нааразы болбой тургула, митинг кылбай тургула, баары бүткөн соң айтып берем деген. Соңунда “канча алтын түштү?”, “ал кайда иштетилип жатат?” десең, жооп жок. Анан саясатчыларды, журналисттерди чекеден камап жатышса, ага эч ким унчукпай, нааразылык билдирбей отура бериши керекпи? Ошондуктан коркутканы туура эмес”.
Баса, 2023-жылы жазуучу Олжобай Шакир Фейсбукта жана ТикТокто онлайн митинг өткөрөрүн жарыялаганы үчүн кармалганы белгилүү. Башкача айтканда, Кыргызстанда оффлайн митингге эле эмес, онлайн митингге да чектөө кирип калды десек болчудай.
Митинг өткөрүүгө эле эмес, сын-пикир жазууга деле чектөө коюлгандай. Мурдараак “Азаттык” өз изилдөөсүндө 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктаган.