Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:56

Столтенберг украиндердин кайраты эмес, курал-жарагы түгөнүп баратканын айтты


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Украина азыркы кезде Орусиянын ургаалдуу чабуулдарына кабылып жатканын белгилеп, уюмга мүчө өлкөлөрдү Киевге жардам берүүгө чакырды. Бүгүн 14-мартта Брюсселде сүйлөп жатып ал украиндердин кайраты эмес, курал-жарагы түгөнүп жатканын, алар Орусиянын күчөгөн чабуулдарына туруштук берүү аракетин улантып келатканын, бирок курал-жарагы жана аскердик техникасы жагынан жетишсиздик бар экенин айтты.

НАТОнун соңку бир жылдагы ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасап жатып Столтенберг уюмдун ичиндеги союздаштарда Украинага жардам бере ала тургандай ресурс жетиштүү экенин, 32 мүчөдөн турган бирикмеге орус президенти Владимир Путинди токтотуу үчүн саясий чечкиндүүлүк зарыл болуп турганын белгиледи.

«НАТО боюнча союздаштары жөнөткөн, болуп көрбөгөндөй жардам Украинага өзүн суверендүү мамлекет катары сактап калууга жардам берди, бирок азыр ал андан да чоң колдоого зарыл, жардам ага дал азыр керек болууда», - деди Столтенберг.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG