Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Орусияга кирүүгө тыюу салынган америкалыктар тизмесине Мэтью Миллерди да кошушту


Мэтью Миллер.
Мэтью Миллер.

Орусия АКШнын дагы 227 жаранына, анын арасында Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллерге, бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Орус Тышкы иштер министрлигинин 14-марттагы маалыматына караганда, мындай чечим Орусияга карата киргизилген санкцияларга каршы чара катары кабыл алынды.

Тизмеге киргендер «АКШнын азыркы администрациясынын русофобиялык курсун аныктоого, ишке ашырууга жана актоого тиешеси бар, Орусияга каршы акцияларга түздөн-түз аралашкан» адамдар экени белгиленди.

Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган америкалыктардын тизмесинде аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, бизнесмендер, журналисттер, окумуштуулар, жалпысынан 2078 киши бар.

АКШ жана Евробиримдик орус бийлигине каршы экономикалык санкцияларын, персоналдык бөгөттөө чараларын Украинага кол салганы үчүн киргизишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG