Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

Орусияда Ил-76 аскердик учагы кырсыкка кабылды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Орусияда аскердик учак кырсыкка кабылганын бүгүн 12-мартта өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аскердик-транспорттук авиациянын Ил-76 учагы Иванов облусунда кырсыкка учурады.

Окуя саат 13тө болгону, учак учуп чыккандан кийин көп өтпөй кулап түшкөнү, кырсыкка кыймылдаткычтарынын биринде тутанган өрт себеп болушу ыктымал экени, ичинде 15 киши – экипаждын сегиз мүчөсү жана жети жүргүнчү бар болгону маалымдалды.

Адамдар эмне болгону тууралуу расмий айтыла элек, айрым маалымат каражаттары алар баары каза тапканын, учак кайра конууга аракет кылганда күйгөнүн жазып атышат.

Кырсык катталган Северный аэродромунда адатта алыскы радиолокациялык аныктоочу А-50 учактары жана аскердик-транспорттук авиация жайгашат. (RK)

XS
SM
MD
LG