Макрон Путинди коркутууну көздөгөнбү?
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун аскерлерди Украинага жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу сөздөрү европалык, өзгөчө франциялык медиада талкууланып, талданып жатат. Le Monde президенттин карама-каршылыктуу билдирүүсүнүн эки өңүтүнө токтолот. Биринчиден, ал Франциянын саясий сахнасында согуш, жапа чеккен Украинага жардам берүү, агрессор Орусияга кандай мамиле кылуу зарылдыгы айланасында талкуу жүргүзүүгө түрткү берди.
- Коркунучтарга толгон азыркы эл аралык контекстте конкреттүү дебаттар зарыл, - деген гезит 16-февралда Киев менен эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюлганын белгилейт.
Андан ары Макрон Парижде украин президенти Владимир Зеленскийди кабыл алган ошол эле күнү орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын абакта каза болгону кабарланганы, француз лидери мындан улам Орусияга каршы ого бетер катаал позицияны ээлегени айтылат.
Le Monde Мюнхендеги коопсуздук конференциясына купулу толбогон Елисей сарайы кыска убакытта Парижде Украинаны колдоо жыйынын уюштуруп, 20 чакты мамлекет жана өкмөт башчыларды чогултууга жетишкенин жазат.
- Тилекке каршы, - деп улантат басылма, Макрондун сөздөрү ошол окуяга көлөкө түшүрүп койду.
“Аскерлерди жөнөтүү ыктымалдыгы “жокко чыгарылбашы керек” деген билдирүү менен ал биринчи жолу буга чейин кызыл сызык деп расмий белгиленген чектен чыкты”, - деп белгилейт гезит.
Автордун пикиринде, президенттин башка бир сөздөрү көз жаздымда калды. Макрон мурдагыдай “Орусия согушту жеңбеш керек” деп эмес, “Орусиянын утулушун каалаганын” айтты.
La Liberation француз президенти аскерлерди жиберүү ыктымалдыгын айтып, “Кандай максатты көздөгөн? Дүйнөлүк согуш коркунучун козгоону каалаганбы? Путинди коркутайын дегенби? Еврошаркетти ойготууну каалаганбы?”, - деп суроо салат.
Le Figaro "Орусия менен тикелей тирешүү менен Европа стратегиялык өз алдынчалыкка жете албайт, аскер башчылары ошол сценарийди изилдеп жатса да, андай идеяны калың элге чыгаруу туура эмес" деп эсептейт.
Борбор Азиядагы сууну биргелешип башкаруу зарылдыгы
Eurasianet 26-февралдагы макаласында Борбор Азиядагы суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселесине кайрылды. Бул максатта Тажикстан менен Өзбекстан чек аралаш каналдардагы сууну өлчөгөн эки мониторинг станциясын ачышты. Тажик Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, автоматташтырылган станциялар суунун көлөмүн реалдуу режимде каттап турат.
Долбоор Швейцариянын кызматташтык бюросунун көмөгү менен ишке ашырылган.
Макалада айтылгандай, региондогу суу тартышытыгынын кесепеттерин алдын алуу үчүн мындай ийгиликтүү диалогдор барган сайын маанилүү болууда.
Суу маселесине байланышкан тынчсыздануу акыркы кезде тереңдей баштады. Басылма буга байланыштуу бир нече мисалды келтирет.
Былтыр апрелде өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин администрациясы аймактагы эки ири дарыя – Сырдарыя менен Амударыядагы суунун көлөмү эмки сугат сезонунда 20% азаярын эскерткен. Экөө тең бир кездери Арал деңизин толуктап турчу. 1960-жылардан бери Арал 90% тартылып кетти.
Өткөн ноябрда Алматыда жайгашкан Евразия өнүгүү банкы Борбор Азияда 2028-2029-жылдары суунун таңсыктыгы 5-12 куб километрди тузөт деген божомолун жарыялаган.
«Регион айыл чарба, өнөр жай, энергетикада кризиске туш болушу мүмкүн. Азык-түлүктүн, суунун жана электроэнергиянын тартыштыгы элдин элет жеринен жапырт шаарларга жана чет өлкөлөргө көчүшүнө алып келет”, - деп айтылган докладда.
Макалада белгиленгендей, Ооганстандагы 285 километрдик Кош-Дөбө каналын куруу абалды ого бетер кыйындатууда. 550 мин гектар айыл-чарба аянтын сугарат деген канал Амударьядагы суунун 20 процентине чейин алып турмакчы.
Жапондордо төрөт азайды
Жапония бир топ жылдан бери демографиялык кризиске туш болуп келатат. Жыл сайын жазында калктын саны тууралуу статистика чыкканда өлкөнүн бийлиги төрөттүн азайышына байланышкан көйгөйлөрдү козгошот.
Быйыл да ошондой болгонун CNN каналынын кабарчысы Жесси Янг көлөмдүү материалында жазды. Өтүп бараткан аптада чыккан маалыматка ылайык, былтыр балдар алдыңкы жылга караганда 5,1% аз төрөлдү. Мындай төмөндөө сегизинчи жыл катары менен катталып келатат.
Автор жылына өлгөндөр туулгандардан ашканы, калктын тез кыскарышына алып келгенин, улгайган кишилердин көбөйүшүнөн улам жумушчу күч тартыш болуп, экономика, социалдык камсыздандыруу системасы да зыян тартып жатканын белгилейт.
Ушундай эле кризиске аймакта Кытай, Гонконг, Тайван, Европада Испания менен Италия кептелди.
Жапониядагы маалымат жарыялангандын эртеси Түштүк Корея статисткасын чыгарды. Балдардын төрөлүүсү жагынан былтыркы көрсөткүч дүйнөдөгү эң төмөн болуп чыкты.
CNN демографиялык кризистен жапа чеккен АКШ өңдүү өнүккөн мамлекеттерден айырмаланып, Жапония жана чыгыш азиялык калган өлкөлөр калкын иммигранттардын эсебинен толуктоо саясатын жүргүзбөгөнүн белгилейт.
Журналист Жапониянын мисалына кеңири токтолуп, эксперттерге шилтеме менен маселенин тамырын тарыхтан издөө керектигин айтат.
Балдардын төрөлүүсүнүн коэффициенти белгилүү бир чектен ашса, калктын саны Индия же Африкадагыдай болуп жаштардын эсебинен көбөйөт. Жапонияда 50 жыл бою – 1973-жылкы рецессиядан бери ал коэффициент 2,1 деген көрсөткүчтөн төмөн болуп келатат.
Мындан тышкары жапониялыктар жашоонун кымбаттыгынан улам үй-бүлө курууга шашылбайт. Жалгыз бой энеден же атадан төрөлгөн балдар Батыш өлкөлөрү менен салыштырганда чанда жолугат. Демек, баш кошкондордун азайышы төрөттүн төмөндөшүнө алып келет.
Макалада муну менен катар демографиялык кризистин кесепеттери талданып чыккан. Алсак, өнөр жайда жумушчу күч тартыштыгы сезилүүдө, элет жеринде балдар төрөлбөй, айылдар толугу менен жок болгон учурлар бар.
Ишке жарамдуу калк азайган шартта пенсия жана саламаттыкты сактоо системалары, башка социалдык инфраструктураны кармап туруу кыйын.
Эксперттердин бири белгилегендей, мындай кырдаал Жапониянын келечеги жок дегенди билдирбейт. Бир канча убакыттан кийин демографиялык абал жакшырып, тең салмактуулук орнойт.
- Муну менен катар жумуш орундарын толтуруу үчүн машина, роботтордун эмгегин колдонуу кеңири тажрыйбага айланышы ыктымал. Же иммиграция саясатын өзгөртүү зарыл. Бирок консервативдүү өлкөдө келгиндердин жуурулушуп жашап кетиши кыйын, - деп айтылат макалада.