Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Навальныйды айырбаштоо планы эки жылдан бери талкууланып келатканы маалымдалды


Христо Грозев.
Христо Грозев.

Иликтөөчү журналист Христо Грозев Орусияда талаштуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды айырбаштоо планы талкууланып жатканын 27-февралда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматына билдирди. Анын айтымында, Навальныйды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, адам өлүмү үчүн өмүрүнүн аягына чейин соттолгон, Германияда абакта отурган Вадим Красиковго айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөргө кеминде үч өлкө – АКШ, Германия жана Орусия катышып жаткан.

Грозевдин бул билдирүүсүн өз алдынча текшерип, тастыктоо мүмкүн эмес, бирок ал Навальныйдын Коррупцияга каршы фондунун төрагасы Мария Певчихтин айткандарына дал келүүдө.

Певчих Красиков үчүн Навальныйды жана АКШнын Орусиянын абактарында отурган эки жаранын айырбаштоо планы эки жылдан бери талкууланып келатканын, сүйлөшүүлөр финалдык стадиясына келип калганы 15-февралдын кечинде белгилүу болгонун 26-февралда айткан.

Грозев сүйлөшүүлөргө өзү да катышканын, Орусия макулдугун бергенин, бирок жеке Путиндин пикири кандай болгонун билбей турганын билдирип, «Анын акыркы жообун баары күтүп жаткан», — деди.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын 27-февралда басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG