Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

CPJ орус бийлигин "Эркин Европа/Азаттык" радиосун куугунтуктоону токтотууга чакырды


Орус бийлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосун куугунтуктоону токтотууга жана "жагымсыз уюм" деген макам берүү менен маалымат каражатынын ишине тоскоолдук түзбөөго тийиш.

Мындай билдирүүнү "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) жасады. Комитет радио орусиялык угармандарына ар дайым объективдүү маалымат берип келгенин белгилейт.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосуна каршы чараны DW корпорациясынын башкы директору Петер Лимбург да айыптады. Ал орус бийлигинин кадамы “ансыз да чектелген басма сөз, сөз эркиндигин ого бетер кыйын абалга кептерин" белгиледи.

Еврошаркеттин тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Петер Стано радиону "жагымсыз уюмдардын" катарына кошууну Орусиядагы сөз эркиндигине чабуул деп сыпаттады. Станонун пикиринде, Орусия "чет элдик агенттер" жана жагымсыз уюмдар тууралуу мыйзамдарды жакпаган добуштарды басуу, куугунтуктоо үчүн колдонууда.

21-февралда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стивен Капус бул чечим "орус бийлиги чынчыл журналистиканын ишин өзүнө жаралган коркунуч деп эсептегенинин дагы бир мисалы" деп айткан.

Орусиянын Юстиция министрлиги “Эркин Европа/Азаттык” радиосун өлкөдө жагымсыз деген чет элдик жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын тизмесине кошкону 20-февралда мекеменин сайтындагы материалдан белгилүү болгон.

Буга чейин ал тизмеге 141 уюм камтылган.

ТАССтын маалыматына ылайык, Орусиянын Башкы прокуратурасы корпорациянын ишмердигин бүт өлкө боюнча жагымсыз деп табуу чечимин 2-февралда чыгарган.

Реестрге орус бийлиги ишмердиги конституциялык түзүлүшкө, коопсуздукка жана коргонуу дараметине коркунуч жаратат деп эсептеген уюмдар киргизилет. Андай уюмдарга Орусияда иштөөгө тыюу салынат, орус жарандары алар менен кызматташса, кылмыш жообуна тартылат.

“Жагымсыз уюмдар” жөнүндөгү мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Кремль колдгон жобо чет жактардан каржыланган бейөкмөт уюмдарды бутага алат.

Журналисттерди коргоо эл аралык комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдан бери орус бийлиги ондогон медиа уюмдарды ошол тизмеге киргизди. Арасында Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болгон, өздөрүн көз карандысыз деп атаган "Дождь", "Медуза", "Новая газета Европа", "Важные истории", The Insider, "Проект", Bellingcat иликтөө ресурсу бар.

Орус Юстиция министрлигинин “чет элдик агенттер” тизмесине “Свобода” радиосу жана бир нече орус тилдүү долбоорлор, айрым журналисттер киргизилген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Чыгыш, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиядагы 23 өлкөдө 27 тилде ар кыл платформаларда маалымат таратат.

XS
SM
MD
LG