Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Салехардда Навальныйдын апасына уулунун сөөгүн көрсөтпөй жатышканы кабарланды


Навальныйды эскерүү иш-чаралары бир катар өлкөлөрдө өттү.
Навальныйды эскерүү иш-чаралары бир катар өлкөлөрдө өттү.

Орусияда абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын апасын Ямал-Ненец автоном округундагы Салехард шаарынын өлүкканасына киргизбей жатышканын бүгүн 19-февралда саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш билдирди.

Анын айтымында, Тергөө комитетинин өкүлдөрү апасына уулунун өлүмү боюнча териштирүүнүн мөөнөтү узартылганын айтышты.

«Алексейдин апасы жана адвокаттар таң эрте өлүкканага барышты. Аларды киргизбей жатышат. Адвокаттардын бирин түртүп чыгарып салышты. Алексейдин сөөгү ошол жердеби же жокпу деген суроого кызматкерлер жооп бербей жатышат» деп жазды Ярмыш X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter).

Владимир облусундагы өзгөчө тартиптеги колонияда кармалып отурган Навальныйды былтыр жыл соңунда Ямал-Ненец автоном округунун Харп кыштагындагы колонияга которушкан.

16-февралда Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал каза болгонун расмий жарыялаган. Мекеменин маалыматында Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкону айтылган.

«Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», - деп кабарланган маалыматта.

Апасы Харп кыштагына эртеси күнү барганына карабастан ошондон бери уулунун сөөгү көрө албай жатканы кабарланууда.

"ОВД-Инфонун" маалыматына караганда, Тергөө комитетинин процессуалдык текшерүүсү сөөгүн туугандарына 30 күнгө чейин, эгер кылмыш иши козголсо андан да узак убакыт бербей турууга уруксат берет.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

Навальныйдын тарапташтары ал каза болгонун тастыкташкан. "Алексей Навальный өлтүрүлдү. Апасына берилген расмий кагазда ал 16-февралда саат 14:17де көз жумганы жазылып турат", – деп жазган Кира Ярмыш. (RK)

XS
SM
MD
LG